КР БШКнын жетекчилиги жана кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнүн алкагындагы ишембиликке катышты
19 апреля 2025
Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү жана Борбордук аппараттын кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнө карата өткөн жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Ишембилик учурунда мамлекеттик жаратылыш паркы болгон "Ала-Арча"дан тартып Кашка-Суу айылына чейинки аймак катуу тиричилик калдыктарынан жана таштандылардан тазаланды. Бул иш-чара туруктуу тазалыкты сактоого чоң салым кошту.
Маалым болгондой “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгына ылайык, Кыргызстанда жылына эки жолу — апрелде жана сентябрда — ишембиликтер өткөрүлөт.