КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
18 апреля 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 18-апрелиндеги отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Сузак, Манас, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинен Кадыров Замирбек Кубанычовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Касымов Мирбек Эргешовичке өткөрүлүлүп берилди.
Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинен Тойкулов Акпарали Эргешовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Сайдилла уулу Нурсыдыкка өткөрүлүлүп берилди.
Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинен Дүйшембиев Темирбек Аскараалыевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Акаева Венера Тургунбековнага өткөрүлүп берилди.
Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылдык кеңешинен Тентиева Нуриля Сапарбаевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Ташмамат уулу Мекенге өткөрүлүлүп берилди.
Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинен Сайдакбаров Мухамадсадык Имамалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кыргызбаев Азамат Кубатбековичке өткөрүлүп берилди.
Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинен Базарбаев Улан Базарбаевичтин («Ак-Нур Келечек» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Исаев Жаныбек Абдурахмановичке өткөрүлүлүп берилди.
Манас районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинен Бекенова Гулира Барпыбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Надырбеков Алишер Асылбековичке өткөрүлүлүп берилди.
Каракол шаардык кеңешинен Тудеев Нурбек Каныбековичтин («Эмгек» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Тилемишов Улан Таалайбековичке өткөрүлүлүп берилди.
Каракол шаардык кеңешинен Жолдош уулу Эламандын («Эмгек» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Талапкерлердин жоктугуна байланыштуу мандат кийинки шайлоого чейин бош калды.