Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган кайрылуусуна карата билдирүүсү
17 апреля 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Кайрылууда айтылган сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүү ыйгарым укугу Борбордук шайлоо комиссиясынын функционалдык милдеттерине кирбейт.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын тутумуна башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленгендей иерархиясы боюнча конституциялык Мыйзам, кодекстен жогору турат. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишмердүүлүгүн биринчи кезекте шайлоо маселелери жөнүндө мыйзамдарга таянып алып барат.
Борбордук шайлоо комиссиясы, Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу депутаттык мандаты боюнча билдирүүсүн негизсиз экендигин, ошону менен катар мыйзамдарды бурмалоо менен коомчулукту адаштыруу жана чагымчыл аракеттерге барбоого чакырат.
Маалымат үчүн:
Султанбай Айжигитовго карата Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан анын депутаттык мандаты боюнча токтом чыгарылып, расмий түрдө өзүнө мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырылган. Токтомдун мыйзамдуулугун сот аркылуу чечүүгө укуктуу экендиги түшүндүрүлгөн.