«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

16 апреля 2025

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Президент тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат берди.

Мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.