КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
11 марта 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) курамына өзгөртүүлөр киргизилди.
Тиешелүү мамлекеттик органдардан келип түшкөн сунуштарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси– Джаныбеков Бекжан Джаныбекович;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана проекттерди экспертизалоо бөлүмүнүн адиси - Анарбаев Адилет Мамасалиевич;
Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - Кочкорбаева Медина Канымбековна;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы адиси - Шарабидин уулу Шерболот;
“Талыкпас Ата” майыптардын коомдук бирикмесинин өкүлү - Абдылдаева Керемет Турсуновна;
Жарандык активист, “Жарыктык” КФнын укук коргоочусу - Дуйшенова Гулзар;
“Психикалык ден соолук жана коомчулук” КУнун аткаруучу директору - Жыргалбеков Жакшылык Жыргалбекович;
Кыргызстандын майып аялдардын Республикалык көз карандысыз ассоциациясынын өкүлү - Мусаева Асипа Мусаевна;
Кыргыз Республикалык майыптар коомунун өкүлү - Сыдыков Жумгалбек Тургунбекович;
Кыргыз Улуттук паралимпиадалык комитетинин өкүлү - Исакова Бакыт Жумушчу топтун курамынан чыгарылды.
Чыгарылган мүчөлөрдүн ордуна Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилди:
- Жолдошева Элнура Жеңишбековна – Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттешүү жана методология секторунун системдик администратору;
- Айдаров Бакай Оросбекович – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Алдашов Канжарбек Бакытович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Калиев Рахатбек Кылычович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспектору;
- Алымкулова Аида Эркиновна – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси.