Башкы Жаңылыктар Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы …

Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы түзүлдү

11-Мар, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түздү.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине,
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 10-мартындагы чечимине ылайык,
Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдоруна, жергиликтүү кеңештердин токтомдоруна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде турган төмөнкү адамдардан түзүлдү.

 

Бишкек шаары

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун

өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

 

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

  1.  

Мадышанова Минара Харкиевна

“Ынтымак” саясий партиясы

  1.  

Нусубалиев Улукбек Асылбекович

“Чон Казат Кыргызстан”
саясий партиясы

  1.  

Турапова Жылдыз Джусупековна

“Ишеним” саясий партиясы

  1.  

Манапбаев Чолпонбек Изатович

“Ордо” саясий партиясы

  1.  

Ибрагимов Жайнак Усенович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Конуров Бахадыр Арунович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Орозалиев Джумалы Бейшекеевич

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Исакова Асель Кавакбековна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Канатов Мекен Капарович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Орозалиев Кылыч Жанарбекович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Исмаилов Бексултан Бакытбекович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Шакирова Айзада Эркинбековна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

 

Талас облусу

Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун

өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

 

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

  1.  

Ташыбеков Самарбек Рахманкулович

“Замандаш” саясий партиясы

  1.  

Молдокулов Абай Жолонович

“Ынтымак” саясий партиясы

  1.  

Кутманалиева Умут Алмазбековна

“Эл Умуту” саясий партиясы

  1.  

Сапаралиев Бакыт Асылбекович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Кыдыралиева Нүргүл Төлөгөновна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Кадырбаева Күлнур Тажибаевна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Жуманалиев Татыбек Анарбекович

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Сарылканова Татыбүбү Ормошбековна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Рысбекова Аяна Мамбеткеримовна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Анарбекова Толгонай Искендеровна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Саламат кызы Нуриза

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

  1.  

Өзүбекова Надира Молдобековна

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>