КР БШКнын 2025-жылы 10 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

10 марта 2025

Өткөрүү датасы: 10 март 2025 ж

Убактысы: 15.00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Лейлек, Кочкор, Токмок, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).

2. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө.

(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен бекитилген Жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).