КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий онлайн жолугушуу өткөрдү

06 марта 2025

2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкийдин онлайн жолугушуусу өттү.

Жолугушуу учурунда КМШ ПАА ДӨМЭАИнин Бишкек филиалынын 2024-жылдагы иши боюнча жыйынтыктар чыгарылды. Институттун Бишкек филиалдын директору Нурбек Сатыбалдиев өз баяндамасында аналитикалык, илимий, методикалык, окутуучу-консультативдик ишмердүүлүк, шайлоолорду жана референдумдарды мониторинг жүргүзүү, ошондой эле эл аралык жана өнөктөш уюмдар менен кызматташуу тууралуу сөз кылды.

Тынчтык Шайназаров КМШ ПАА ДӨМЭАИнин  Бишкек филиалынын ишин баалап, эл аралык байкоочуларды уюштуруунун, илимий жана методикалык ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн, ошондой эле басма сөз ишмердүүлүгүнө кошкон чоң салымын белгиледи.

Дмитрий Кобицкий болсо Бишкек филиалынын ишмердүүлүгүн эффективдүү деп баалап, анын республикалык жана эл аралык иш-чаралардагы активдүү катышуусун жана ийгиликтүү кызматташтыгын белгиледи.

Жыйын соңунда, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык катышуучуларга өз ара кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы тараптан кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө максималдуу күч-аракет жумшалаарына ишеними жогору экенин билдирди.