Аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын алгачкы жыйындары өтүүдө
27 февраля 2025
2025-жылдын 21-февралы күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 52 аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти.
Кыргыз Республикасынын «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйынында комиссиянын төрагасы жана катчысы шайланат.
2025-жылдын 26-февралынан тартып аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын биринчи жыйындары өтүп жатат. Аларга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары — Н.Ч.Койчукеев (Жалал-Абад облусу) жана А.С.Жупуева (Чүй облусу), ошондой эле БШКнын мүчөлөрү: И.Т.Гайпкулов (Чүй облусу), Г.О.Култаева (Талас облусу), М.А.Абдалиев (Баткен облусу), А.Г.Бекматов (Ош облусу), А.Н.Кубатбеков (Нарын облусу) жана А.С.Дубанбаева (Ысык-Көл облусу) катышууда.
Мындан тышкары, жыйындарга райондук мамлекеттик администрациянын жана шаардык мэриялардын өкүлдөрү, БШКнын атайын өкүлдөрү жана БШКнын аппарат кызматкерлери катышууда.
Жыйындардын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын нормаларын түшүндүрүп, АШКнын резервдерин жана курамын түзүү жөнүндө БШКнын токтому менен тааныштырышат, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө, шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын иштеп чыгууга байланышкан маселелерди талкуулоону уюштурушат.
Мындан сырткары, жыйындардын алкагында БШКнын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр жана жаңы шайланган аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсү боюнча, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү процессинде туруктуу кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчыларынын тизмеси (жаңыртылып турат).