КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү

25 февраля 2025

2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молунов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Виталий Семашко, КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев, КР БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов жана КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуу учурунда КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров маанилүү иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Беларусиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

Өз кезегинде элчи С. Молунов Т. Шайназаровду КР БШКнын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, шайлоо системасын жакшыртуудагы ишине ийгиликтерди каалап, Беларусиянын БШКсынын төрагасы И. Карпенконун кайрылуусун тапшырды.

Жолугшуу жүрүшүндө, көп жылдан бери эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү өз ара активдүү кызматташып, шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоочулар катары катышып, тажрыйба алмашууга жана демократиялык процесстердин бекемдөөсүнө өбөлгө түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. КР БШКнын төрагасы беларус тарапка 2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоодо байкоочу болуп катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Төрага Тынчтык Шайназаров Кыргызстан Беларусия мамлекети менен шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, демократиялык реформалар жана шайлоо процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында, БШКнын төрагасы Т. Шайназаров элчи С.Молуновго жаңы кызмат ордуна ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүү үчүн БШК өзүнүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экенин билдирди.