Урматтуу Мекен коргоочулар!
23 февраля 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жалпы жамааты, Сиздерди 23-февраль Ата - Мекенди коргоочулардын күнү майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайт!
Эзелтен элибиз, Мекенибизди коргоону ыйык милдет катары сезип, жигиттерибизди Мекендин таянычы жана тиреги катары көрүшкөн. Мына ошол ыйык милдетти жогорку ыклас жана ак ниеттүүлүк менен аткарып келгендиги аркасында, Мекенибиздин бүтүндүгү сакталып, эгемендикке жетип, өнүгүүнүн жолунда турмуш улап келебиз.
Элибиздин ишеничи, таянычы болуу ыйык милдетиңиздерди мындан ары да ар намыс менен бийик аткарып, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн кызмат кыла беришиңиздерге тилектешпиз.
Сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз!
КР БШКнын жалпы жамааты