Башкы Жаңылыктар Коомдук диалог: “Жаңы шайлоо циклинин башталышы: жергиликтүү шайлоо …

Коомдук диалог: “Жаңы шайлоо циклинин башталышы: жергиликтүү шайлоо - 2024”

06-Фев, 2025

2025-жылдын 6-февралында, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүндө Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог болуп өттү. Иш-чараны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында өткөрдү.

Коомдук диалогго Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдук уюмдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, блоггерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Коомдук диалогду ачып жатып, БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жаңы шайлоо циклин башталгандыгын, ал 2026-жылдагы парламенттик шайлоо, андан кийин Президентти шайлоо менен улана турганын белгиледи.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бир катар жаңы технологиялар, программалар, жабдуулар жана комиссиялар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн формалары сыноодон ѳттү. Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо колдонулган ушул жаңылыктардын оң жана терс жактарын талкуулоо сунушталды.

Катышуучуларга айрым маанилүү маселелерди жана кийинки жаңы шайлоо циклинде бардык деңгээлдеги шайлоолор үчүн жалпы шарттарды кантип жакшыртууга болорун чогуу ойлонуу жана талкуулоо сунушталды.

Төрага шайлоо процесси шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык уюмдардын, эксперттердин бирдиктүү аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блоггерлердин колдоосу менен камсыз кылынарын белгиледи. Бул шайлоолор кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн күч-аракетин бириктиргендигин белгилѳѳ менен, чогуу-чаран иш- аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте биргелешкен күч-аракеттер аркылуу көйгөйлөрдү жеңип ѳтүп, шайлоо процессинин маанилүү милдеттерин чечүүгө болот деген ишенимин билдирди.

Административдик-аймактык реформа Кыргызстандын аймактык түзүмүн өзгөртүү менен, жер-жерлерде – аймактарда башкаруу системасын оптималдаштырды. Шайлоо аркылуу жергиликтүү кеңештердин өкүлчүлүктүү органдарынын түзүмү толугу менен оптималдаштырылды. Жарандар жакынкы 5 жылда жергиликтүү өнүктүрүүнү ишенип тапшырган жергиликтүү кеңештердин алдында айылдардагы жана шаарлардагы жарандардын жашоосун жакшыртуу, аларды өнүктүрүү боюнча чоң милдеттер турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы “Өнүктүрүү саясаты институтуна” шайлоого даярдык көрүүдөгү натыйжалуу өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, институттун жергиликтүү кеңештерге усулдук жардам көрсөтүү жана окутуу боюнча мындан аркы ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер чогулгандарга Швейцариянын Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпысынан, өзгөчө шайлоо процессине көрсөтүп жаткан колдоо тууралуу маалымат берди. Колдоо кѳрсѳтүү жамааттарды жана алардын өкүлдөрүн өнүктүрүүнүн. окутуудан баштап материалдык гранттарды берүүгө чейинки ар кандай аспектилерин камтыйт. Ошол эле учурда Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу ѳзгѳчѳ мүнѳзгѳ ээ, анткени ал узак мөөнөттүү үзгүлтүксүз негизде жүригүзүлүп, жергиликтүү уюмдардын жана адамдардын тике ѳздѳрүнѳ берилип жатат.

«Өнүктүрүү саясаты институту» коомдук уюмунун башкармалыгынын төрагасы Надежда Добрецова Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин эволюциясына өзгөчө маани берди, алар шайлоо цикли өткөн сайын улам күчтөнүп, профессионалдуу болуп бараткандыгын белгилѳѳ менен мындай дедеи: “2000-жылдардын башында жергиликтүү кеңештер кандай болгондугу эсимде. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдардын ишинин сапаты кандай өсүп жатканын байкабай коюуга болбойт. Алар социалдык-экономикалык өнүгүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу уюштурууга, ар бир жергиликтүү жамаатта адамдын өсүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча барган сайын кыйла оор чечимдерди кабыл алууда. Ѳкүлчүлүктүү орган катары кеңештердин, ошондой эле депутаттардын, анын ичинде аял-депутаттардын жеке жоопкерчилиги да жогорулап жатат, алар коомчулук үчүн маанилүү демилгелерди көтөрүп, коррупцияга каршы күрөшүп, көйгөйлөрдү чечүү жана жамааттарды өнүктүрүү үчүн кошумча ресурстарды тартып жатышат. Али да болсо депутаттар колдоого жана окутууга муктаж болгондугуна карбастан, муниципалдык депутаттардын корпусу чыныгы жоопкерчиликтүү жана демилгелүү өкүлчүлүктүү органга айланды».

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров бул шайлоолордо колдонулган ар түрдүү органдар менен өз ара аракеттенүү форматтарынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, алар процессти жакшыртууга кандай таасир эткендигин белгиледи. Атап айтканда, ал укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кароодо компетенцияны так бөлүштүрүүгө багытталган укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүдѳгү өзгөрүүлѳрдү белгилеп ѳттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларды маалымдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин маанилүү багытында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордогу өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ал маалымат берүү ишинде мамлекет тарабынан, анын ичинде Маданият министрлиги, УТРК (аймактардагы өкүлчүлүктөрү) менен өнөктөштүктө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу толук баяндама жасады. Ишке телекомпаниялар, анын ичинде аймактык телекомпаниялар тартылып, алар күн сайын маалымат берип, дебаттарды да көрсөтүп турду.

Э.Искаков шайлоо учурунда блоггерлик коомчулуктун маалыматтык кампанияга кошкон салымы тууралуу маалымат берди.

Диалогдун жүрүшүндө маалымат өнөктүгүнө активдүү катышкан жалпыга маалымдо каражаттарынын жана блоггер коомчулугунун салымы жогору бааланды.

Шайлоо учурунда социалдык тармактарга көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнүн биринчи тажрыйбасы тууралуу Э.Токтогулова баяндады. Катышуучулар бул маанилүү жана толук камтылган тажрыйбага айлангандыгын, ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти, аны кийинки шайлоолордо ѳнүктүрүүнүн зарыл.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбаев диалогдун катышуучуларын жаңы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ишмердүүлүгү жана алардын муктаждыктары менен тааныштырды. Ал депутаттар бирикменин колдоосунан куру калбасын айтып, жергиликтүү эл өкүлдөрүнүн статусун көтөрүү үчүн мамлекет менен биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди.

Ал эми парламенттик шайлоо боюнча сунуштарга келсек, бул маселелерди ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында өзүнчө талкуулоонун зарылдыгы белгиленди. Талкуунун жыйынтыгында келечектеги шайлоо өнөктүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар түзүлѳрү абзел.

Иш-чара 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн шайлоо процессинин катышуучуларына Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи менен аяктады.

Маалымат иретинде: жыл сайын февралдын биринчи бейшембисинде бардык өлкөлөр 2005-жылы Венгрияда шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары негизделген Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн белгилешет.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү эркин жана таза шайлоонун маанилүүлүгүн эскертип, ар бир жарандын добушу керектүү жана маанилүү экенин, ал өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эте тургандыгын жарандардын аң-сезиминде бекемдейт.

Кыргыз Республикасында шайлоо реформасы жигердүү ишке ашырылууда. Шайлоолордун ишенимдүүлүгүн жана айкындуулугун камсыз кылуу, шайлоо процессинин атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле жарандардын эркин жана адилет ѳз эркин билдирүүсү үчүн укуктук жана практикалык шарттарды түзүү реформанын азыркы этабынын негизги жетишкендиктеринен болуп саналат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>