Башкы Жаңылыктар Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы: тѳраганы жана вице-спикерлерди …

Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы: тѳраганы жана вице-спикерлерди шайлоо

02-Дек, 2024

2024-жылдын 2-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамынын биринчи сессиясы болуп өттү. Сессиянын ачылышында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Бахадыр Конуров депутаттарга жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин тапшырды.

Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, биринчи сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Лира Акунова ачып, жаңы төрага шайланганга чейин жыйынды алып барды.

Күн тартибине төраганы жана төраганын орун басарларын шайлоо, үчүнчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү, фракцияларды каттоо жана алардын лидерлерин аныктоо сыяктуу негизги маселелер, ошондой эле кеңештин башка уюштуруу маселелери киргизилди..

Көпчүлүк коалициясы депутат Бекжан Усеналиевдин талапкерлигин (36 жашта. “Ишеним” саясий партиясынан БШКнын мурунку чакырылышынын депутаты болгон. Жогорку билимдүү – Ж.Баласагын атындагы КУУ– юриспруденция адистиги) “Адилет” партиясынан төраганын кызмат ордуна сунуштады. Анын талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоду – ага 43 депутат “макул”, 4 депутат “каршы”, 3 депутат “калыс” добуш берди.

Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикерлери болуп «Жаңы күч-Новая сила» партиясынан Жылдызбек Абдраимов (42 жашта. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан БШКнын мурунку чакырылышынын депутаты болгон. Билими – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун социалдык-экономикалык колледжи) жана “Эл үмүтү” партиясынан Болот Ибрагимов (34 жашта, «Элкат» ЖЧКнын башкы директорунун кеңешчиси, билими – Курулуш, транспорт жана архитектура кыргыз мамлекеттик унивеситети, кесиби –“маалыматтык технология”) шайланышты.

Эскерте кетсек, административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 51ге чейин көбөйгөн. Реформага чейин кеңеште 45 депутат болгон.

Ошондой эле, 2024-жылдын 17-ноябрында 33 шаарда жана 231 айылдык кеңештерде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөндүгүн белгилѳѳ зарыл. Борбор калаада шайлоодо тѳмѳндѳгү беш партия шайлоо босогосунан ѳтѳ алышкан:

  1. «Жаңы күч— Новая сила» — 37 903 добуш (29,48%) — 17 мандат
  2. «Эмгек» — 28 647 добуш (22,28%) — 12 мандат
  3. «Адилет» — 17 858 добуш (13,89%) — 8 мандат
  4. «Ынтымак» — 18 613 добуш (14,48%) — 8 мандат
  5. «Эл үмүтү» — 14 514 добуш (11,29%) — 6 мандат

«Жаны күч - Новая сила»:

  1. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич
  2. Суракматов Айдар Азизович
  3. Дуйшекеева Элнура Качкыновна
  4. Чалов Иляз Алмазович
  5. Токтогулов Максат Сарылбекович
  6. Ашанбаева Омуркан Бактыбековна
  7. Абиров Жаныбек Болотбекович
  8. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович
  9. Кузнецова Татьяна Анатольевна
  10. Жакыпов Таалайбек Маматович
  11. Досиев Эдик Шарипович
  12. Алымкулова Каныкей Законбековна
  13. Сурапбаев Таалайбек Каримжанович
  14. Абдраимов Жылдызбек Асанкулович
  15. Бекмуратова Динара Алмазбековна
  16. Шукуров Бектур Съездбекович
  17. Жумалиев Чынгыз Зайнидинович

«Эмгек»:

  1. Марлисбеков Эмир Марлисбекович
  2. Досалиев Элмир Акуналыевич
  3. Алымбаева Елизавета Бердиевна
  4. Асанбеков Жаныбек Асанбекович
  5. Чепеев Калыбек Чепеевич
  6. Расул кызы Миргүл
  7. Мусагул уулу Амантур
  8. Жапиев Султан Марипжанович
  9. Акунова Лира
  10. Касиев Майрамбек Качканакович
  11. Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич
  12. Кенжебаева Светлана Козубаевна

«Адилет»:

  1. Макешов Айбек Барыктобасович
  2. Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович
  3. Идырова Рамина Рамазановна
  4. Бахтияров Эркин Бахтиярович
  5. Усеналиев Бекжан Бактыбекович
  6. Ашырова Айканыш Жоомартовна
  7. Иманказыев Нурумбет Иманказыевич
  8. Насиралиев Эржан Алтымышович

«Ынтымак»:

  1. Алымбеков Максат Жумакадырович
  2. Эргешов Казыбек Кочкорович
  3. Халилова Гулназ Мажитовна
  4. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич
  5. Бектемиров Дуйшонбек Бектемирович
  6. Шарапова Жибек Закировна
  7. Аскеров Марат Мирбекович
  8. Абышев Аскар Замирбекович

«Эл үмүтү»:

  1. Ибрагимов Болот Адылбекович
  2. Алмаз уулу Аскар
  3. Исакова Нурзат Темирболотовна
  4. Карыбек уулу Улукбек
  5. Аматов Рысбай Аматович
  6. Досалиева Айдай Баялиевна

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>