Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерде шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын 42% …

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерде шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын 42% аялдар түзөт

29-Ноя, 2024

2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо гендердик теңчилик жаатында маанилүү көрсөткүчкө жетишилди. Шайланган депутаттардын 42% аялдар түзөт, бул өлкөнүн саясий турмушунда аялдардын катышуусун илгерилетүүдө чоң кадам болуп эсептелет..

Кыргызстандагы 33 шаардык жана 231 айылдык кенештерге өлкөбүздүн жарандарынын ишенимине ээ болуп жалпы 6384 депутат шайланды, анын ичинен 2538 (39,75%) аялдар. Шаардык кенештерде – 993 депутаттын ичинен 290 аял (29%), айылдык кенештерде – 5391 депутаттын ичинен 2248 аял (42%), бул абдан жогорку көрсөткүч.

Бул жыйынтыктар мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде аялдардын өкүлчүлүгүн жакшыртуунун оң динамикасын чагылдырат. Аял-депутаттар жергиликтүү чечимдерди кабыл алууда маанилүү ролду ойношот, бул дагы инклюзивдүү жана тең салмактуу саясий системанын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бул маанилүү жетишкендик — аялдардын шайлоодо катышуусун колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжасы. 2019-жылдан бери аялдарды саясатка тартуу үчүн жүргүзүлгөн комплекстүү чаралардын жана аракеттердин натыйжасында жергиликтүү кенештердеги аял депутаттардын үлүшү туруктуу өсүүдө. Эгерде 2019-жылы болгону 9% болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 38%га чейин өскөн, ал эми 2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо 42% болгон.

Бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин саясий колдоосу, Жогорку Кенеш тарабынан шайлоо мыйзамдарын үзгүлтүксүз жакшыртуу жана квоталарды киргизүү, жана калк менен активдүү түшүндүрүү иштери аркылуу мүмкүн болду. Бул бийликтин бардык деңгээлдеринде аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кыйла кеңейтти. 

Шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн ишинин жана уюмдар менен болгон өнөктөштүктүн негизинде, аялдар өз коомдоруна башкаруу жана өнүктүрүү процесстерине олуттуу салым кошууга даяр экендигин жана мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин көрсөттү.

Бул жетишкендиктер жергиликтүү коомдордун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү тең бөлүштүрүүгө, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу процессине аялдардын катышуусун күчөтөт, бул жалпы коомдун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Айылдык кенештер боюнча толук маалыматты бул жерден көрүңүз >>>>>>>

Шаардык кенештер боюнча толук маалыматты бул жерден көрүңүз >>>>>>>

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>