Аймактарда алгачкы сессиялар өтүп жатат

26 ноября 2024

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгын аткаруу максатында 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлдү.

Аймактык шайлоо комиссияларынын жардамы менен аймактарда жергиликтүү кеңештин биринчи сессиялары өткөрүлүп жатат.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы жана шаарлардагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумадан кечиктирбестен чакырат.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укуктуу.

Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечимдерди кабыл алат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелери кирет.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнѳ шайланат.

Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө 5 депутаттан кем эмес депутаттык фракция же топ укуктуу.

Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентине ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- кѳрсѳтүлгѳн бир талапкер депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албай калса, талапкерлер кайра көрсөтүлөт;

- кѳрсѳтүлгѳн эки талапкердин бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.