Башкы Жаңылыктар КР БШКнын 2024-жылы 24 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын …

КР БШКнын 2024-жылы 24 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

24-Ноя, 2024

Өткөрүү датасы: 24-ноябры 2024-ж.

                                                         Убактысы: 19.30

                                                         Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. 2024-жылдын 22-ноябрына карата Контролдук текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

 

(баяндамачы – Гайпкулов И. Т. БШКнын мүчөсү)

 

2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Талантбек у. С., Тапаева М.К., Ж. Камчиеваларды добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арызы жөнүндө

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

3. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы –А.Белеков, Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

4. “Ишеним” саясий партиясы тарабынан административдик ресурсту пайдалануу боюнча Д.Э. Умралиеванын арызы жөнүндө

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

5. Кара-Балта шаарынын шайлоо комиссиясы тарабынан УШКлардын протоколдорунун көчүрмөлөрүн берүү маселеси боюнча Д.Э. Умралиеванын арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

6. “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы боюнча Д.Э. Умралиеванын арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы

 

7. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Ахмедова Ш., Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

8. 2024-жылдын 20-ноябрында Ноокат АШКнын арызды кабыл алуудан баш тартуусы боюнча М.Мамитовдун арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

9. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 1 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Гүлчө айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер А. Аттокуров, А. Исманалиев, Канторо уулу О., Кочорбай к Ж., Рахматов К., Сасанова Э., О.Эгемкуловалардын арызы жөнүндө

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

10. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Молдобаев М., Алай аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

11. № 6059 шайлоо участкасынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш.Каработоевдин арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

12. №6059 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А.Мураталиевдин арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

 

13. Бакай-Ата АШКнын 21.11.2024-ж. №9 чечими боюнча Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К.Дүйшөнованын арызы жөнүндө.

(баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

 

14. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Чукотаев Б., Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

15. Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер
А.Д. Бекишовдун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына арызы жөнүндө

(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

16. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө, Элмирбек Иманалиев кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу

(баяндамачы – Эргеш уулу Н., Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

17. Ар кандай маселелер

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>