Борбордук шайлоо комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо жабдууларын пайдалануу маселелери талкууланды

22 ноября 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде шайлоо жабдууларын пайдалануу маселелерин талкуулады.

Талкууга БШКнын системалык администраторлору, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери, идентификациялоо жана АЭУ боюнча шайлоо жабдууларын программалык-техникалык жактан колдоону камсыз кылышкан кореялык адистер катышты.

Шайлоо жабдууларынын иштешин жакшыртууга жана оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Системалык администраторлор кореялык иштеп чыгуучулар менен биргеликте келип чыккан техникалык көйгөйлөрдү талдап чыгышты жана андан ары жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында аларды четтетүү жолдорун сунушташты.

Кореялык иштеп чыгуучулар БШКнын системалык администраторлоруна даярдыктын кыска мѳѳнѳтүнѳ карабастан ыкчам жана ырааттуу иштери үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар БШКнын командасынын жогорку кесипкөйлүгүн жана пайда болгон техникалык маселелерди мүмкүн болушунча тез арада чечүүгө даярдыгын белгилешти. Иштеп чыгуучулар ошондой эле топтолгон тажрыйбаны жана техникалык чечимдерди өркүндөтүүнү эске алуу менен кийинки шайлоолорго карата жабдуулар дагы да натыйжалуу иштей тургандыгына ишеним билдиришти.