Башкы Жаңылыктар Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын …

Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жогору баа беришти

18-Ноя, 2024

2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар шайлоо процессине даярдык кѳрүү жана өткөрүү деңгээлин жогору баалашты. Бул тууралуу алар КР БШКда өткөн брифингде билдиришти.

Мирвохид Азимов, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Башкы катчысынын орун басары: “Биз, ТМУнун байкоочулар миссиясы, шайлоо улуттук мыйзамдарга ылайык өттү деп билдиребиз. Биз олуттуу көйгөйлөрдү же мыйзам бузууларды тапкан жокпуз. Шайлоо процесси ачык, жеткиликтүү жана ишенимдүү болгонун белгилейбиз. Бул шайлоолор Кыргызстандын өнүгүшүндө жана гүлдөшүндө маанилүү кадам болоруна ишенебиз”.

Баубакар Адаму, Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Башкы катчылыгынын Африка иштери боюнча департаментинин директору: “Биз шайлоолорго канааттануу менен байкоо жүргүздүк жана алар эл аралык стандарттарга ылайык өткөнүн белгилегибиз келет. ИКУнун Башкы катчылыгынан Кыргызстандын элин жана Борбордук шайлоо комиссиясын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайбыз. Бул шайлоолор Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын демократиялык практиканы жана шайлоо системасындагы институттук прогрессти илгерилетүүдѳгү жана бекемдөөдөгү лидерлигин Кыргызстанда гана эмес, аймактык деңгээлде да далилдейт деп эсептейбиз».

Сеунг Райол Ким, Дүйнөлүк шайлоо органдары ассоциациясынын (AWEB) шайлоону окутуу жана байкоо жүргүзүү боюнча директору: “Биз шайлоо органдарынын кызматкерлеринин жаңы технологияларды колдонуудагы компетенттүүлүгүнө байкоо жүргүздүк. Биз Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын таза жана демократиялык шайлоо өткөрүүдөгү тажрыйбасын жана кесипкөйлүгүн жогору баалайбыз жана алар биздин уюмга мүчө болгонуна сыймыктанабыз”.

Алиев Шайтдин Сардар, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү: “Биз Кыргызстандын жарандарына шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болдук: шайлоо комиссиялары Борбордук Азияда жок жаңы жабдуулар менен жабдылган, Таза, ачык жана ишенимдүү шайлоо өткөрүү үчүн талапкерлерге да, шайлоочуларга да бардык шарттар түзүлгөн. Бул Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жасалган чоң иш, биз сиздерди бул жетишкендик менен куттуктайбыз. Биз Кыргызстанды эл аралык стандарттарга жооп берген демократиялык жана ачык-айкын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайбыз.”

Юнусов Баходиржан Жалолдинович, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү: «Биз жаңы технологиялардын кайра-кайра добуш берүүнүн, же «карусельдердин» алдын алууга кандайча жардам берерин байкадык. Биз бардык шайлоо участокторунда онлайн-трансляция жүргүзүлүп, жарандардын добуш берүү процесси кандай өтүп жатканын бардыгы көрүп жатканын кѳрдүк. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн компетенттүү жана кесипкөй ишин өзгөчө белгилеп кеткибиз келет”.

Эл аралык байкоочулар шайлоо күнү Бишкек жана Кант шаарларындагы шайлоо участокторун кыдырып, андан соң белгилүү бир жыйынтыкка келишкенин айтышты:

  • шайлоолор ачык-айкын, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү, бул демократиялык практиканы бекемдөөгө жана институционалдык өнүгүүгө өбөлгө түзөрү шексиз;

  • шайлоону уюштуруу жогорку деңгээлде өттү, шайлоочулар үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү;

  • участкалык комиссиялардын мүчөлөрү чоң кесипкөйлүк көрсөтүштү;

  • шайлоочуларды идентификациялоо жана санариптик добуш берүү үчүн заманбап технологиялар ийгиликтүү колдонулду, бул добуш берүүнү коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылды (1 шайлоочу – 1 добуш);

  • шайлоо тынч өттү, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү мыйзам бузуулар аныкталган жок;

  • Шайлоого аялдар жана улгайган адамдар активдүү катышты.

Эл аралык байкоочулар КР БШКга шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти жана демократиялык процесстерди чыңдоодо Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Н.Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышкан бардык эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирип, алардын ишин жогору баалады. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Кыргызстан бардык алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен шайлоо процессин мындан ары да өркүндөтөөрүнө ишендирди.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 54 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткѳн.

Он өлкөнүн: Азербайжан, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия, Түркия жана Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиялары өз өкүлдөрүн жөнөтүштү. Байкоо жүргүзүүгө шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы (A-WEB), Ханс Зайдель фонду жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ощондой эле Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, ошондой эле Улуу Британиянын, Ирандын, Кытайдын, АКШнын, Швейцариянын, Россиянын жана Япониянын элчиликтери да катышты.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>