Башкы Жаңылыктар Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү башталды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү башталды

17-Ноя, 2024

Түз эфирде кыргыз элин куттуктап, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайылдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Бүгүн таңкы саат 08.00дө Кыргызстандын бардык аймактарында 2437 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. Шайлоону уюштурууга участкалык шайлоо комиссияларынын 27 миң 327 мүчөсү, ошондой эле 56 аймактык шайлоо комиссиясы катышууда. Добуш берүү эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин уланат.

Орун-жайдан тышкары добуш берүү кечээ өттү. Орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн 9536 арыз берилип, 8167 шайлоочу добуш берди.

Бардыгы болуп жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмелерине 4 135 039 шайлоочу киргизилген.

Шайлоо күнү негизги катталган жери боюнча шайлоого катыша албаган, бирок катышууну каалагандар үчүн биринчи жолу аралыктан добуш берүү колдонулуп жатат. Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасы аралыктан добуш берүү үчүн ачык.

Республика боюнча аралыктан добуш берүүгө катышууга 9050 арыз түшкөн. Арыздардын 72 пайызы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келген. Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, вахталык нөөмөттө иштегендер бар.

Шайлоочулардын тизмелери боюнча маалымат менен "Тизме" мамлекеттик порталынан таанышса болот.

Шайлоо участогуңуздун дарегин 1255 же 119 номуруна чалып, же паспортуңуздагы ПИН – жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен 119 номуруна SMS жөнөтүү аркылуу текшересе болот.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:

Кыргызстандын жарандары 33 шаардык кеңешке 993 депутатты, 231 айылдык кеңешке 5391 депутатты шайлашат.

Шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери аркылуу жүргүзүлөт. Орундар шайлоочулардын 5 пайыздан кѳбүрѳѳк добушун алган саясий партиялардын жалпы добуштарынын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан 39 саясий партия 4822 талапкер көрсөттү жана орто эсеп менен бир орунга 4 талапкер ат салышат.

Айылдык кеңештердин депутаттарына добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында жүргүзүлөт, анда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. Ошол эле учурда ар бир айылдык кеңештеги орундардын 30% аялдарга бөлүнгөн.

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 9996 талапкер катталган, атаандаштык бир орунга 2 адамга туура келет.

БШК шайлоочуларды «Талапкер» маалымат ресурсунда саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалыматтар менен таанышууну сунуш кылат.

Ушул ресурстаншШайлоочулар саясий партиялар жана талапкерлер жөнүндө толук маалыматты, атап айтканда партия жөнүндө жалпы маалыматты, шайлоо программасын жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылын биле алышат.

2024-жылдын 14-ноябрынан 15-ноябрына чейинки аралыкта “УТРК”, “Ош УТРК”, “Жалал-Абад УТРК”, “Нарын УТРК”, “Талас УТРК”, “Чүй УТРК” жана “Ысык- Көл ТВ” телеканалдарында 7 областтык шаарларда саясий партиялар үчүн теледебаттар өткөрүлдү. Дебат түз эфирде өттү.

Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шаарлардагы жана айылдардагы бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль шрифти менен бирден шайлоо бюллетени жана трафарет берилет.

Брайль арибинде жалпысынан 983 бюллетень чыгарылган, анын ичинен:

749 бюллетень - шаардык шайлоо участкалары үчүн;

234 шайлоо бюллетень - муктаждыктардын алдын ала түзүлгөн карталары боюнча айылдык шайлоо участкалары үчүн.

ЖМК жана эл аралык/коомдук байкоочулар:

66 ЖМК жана 14 интернет-басылма аккредитациядан өткөн:

Шайлоо процессине азыр коомдук жана эл аралык байкоочулар көз салууда. Жалпысынан 10 өлкөдөн 54 эл аралык байкоочу катталган, алар башка өлкөлөрдүн 10 шайлоо органынан, 4 эл аралык уюмдан жана Кыргызстандагы 6 дипломатиялык өкүлчүлүктөн турат.

Кыргызстан жаштар кыймылы шайлоолорго биринчи жолу кеңири форматта байкоо жүргүзүүдө. Шайлоого байкоо жүргүзүүгө жаштардын катышуусунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилей кетүү керек. Бүгүнкү шайлоого жаштар өздөрү да активдүү катышат деген ишеним бар.

Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоо үчүн борбордук, шаардык жана райондук деңгээлде ыкчам чара кѳрүү боюнча координациялык топтор түзүлүп, алардын курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирген. Бул топтордун негизги милдети мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү жана таасирдүү чараларды кабыл алуу, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга дайыма маалымдоо болуп саналат.

Эгерде мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, ЫЧКТ номуруна - 1255, ишеним телефонуна - 0 (312) 660240, WhatsApp - 0990 12 55 00 номуруна кайрылсаңыз болот.

КР БШК төрагасы шайлоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тутуму оптималдаштырылып жатканын баса белгиледи. Жергиликтүү кеңештер биринчи жолу 5 жылга шайланат. Айылдарды, шаарларды ѳнүктүрүү, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча шайлана турган кеңештердин алдында зор милдеттер турат. Ошондуктан, кеңештерге компетенттүү, жоопкерчиликтүү адамдар шайланышы абдан маанилүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды шайлоого жигердүү катышууга жана кеңештердин жергиликтүү жамааттарды, аймактарды жана бүтүндөй мамлекетти өнүктүрүү үчүн натыйжалуу иштеши үчүн туура тандоо жасоого чакырды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>