КР БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочулардан 150дөн чалууларды кабыл алат

16 ноября 2024

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочуларданкелген 150гө чейинки кайрылууларды иштеп чыгуу менен күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыгын билдирет.

КР Президенти «КР жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгондон кийин, 2024-жылдын сентябрында аны түзгөн учурдан тартып колл-борбор жарандар менен байланыштын маанилүү инструменти болуп калды. Борбордун адисттери даярдыктын жана натыйжалуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтүү менен, ай сайын 2000ге жакын чалууларды кабыл алышат.

Көбүнчө жарандар төмөнкүлөргө кызыгышат:

Өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясынын номерин жана дарегин кантип аныктоо;

Аралыктан добуш берүүнүн шарттары жана тартиби.

Колл-борбордун командасы мурдагы төрт шайлоодо тажрыйбасы бар кесипкөйлөрдөн турат. Бардык кызматкерлер жарандарга консультация берүү жана суроо-талаптарды ыкчам иштеп чыгуу боюнча атайын окуудан өтүштү.

Инклюзивдүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду: колл-борбордун адисттеринин көпчүлк бөлүгү – бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. Мындай саясат калктын аз мобилдүү топторун колдоого багытталган «Жеткиликтүү өлкө» Мамлекеттик программасынын (2023-2030-жж.) алкагында ишке ашырылат.

КР БШК ар бир жаран зарыл маалыматты алуусу жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашыруусуүчүн ачыктык, жеткиликтүүлүк жана кесип көйлүк принциптерин жактагандыгын ырастайт.

КР Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерди шайлоонун убагында колл-борбор жарандардан 1255 жана 119 акысыз номерлери боюнча чалууларды кабыл алаарын эскертет.