Башкы Жаңылыктар КР БШКнын ЫЧКТ Бишкек жана Талас облусунун арыздарды …

КР БШКнын ЫЧКТ Бишкек жана Талас облусунун арыздарды жана бузууларды карап чыкты

15-Ноя, 2024

15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу (ЫЧКТ) 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо мыйзамдарын айрым бузуулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө Бишкек шаары жана Талас облусу боюнча аймактык ЫЧКТнын маалыматын эске алды.

КР БШКнын ЫЧКТ жыйыны КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекованын төрагалыгы астында КР БШКнын тѳрагасынын орун басары, КР БШК ЫЧКТнын жетекчиси Т. Шайназаровдун, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ѳткѳрүлдү. Кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна оперативдүү жооп кайтарууну жана мониторинг жүргүзүүнү талап кылган айрым иштер каралды.

Талас облусу жана Бишкек шаары боюнча ЫЧКТ маалыматын уккандан кийин, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы азыркы этапта, б.а. добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда даттанууларды жана арыздарды кароодо тез арада, б.а. мыйзамда каралган эң кыска мөөнөттө чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ЫЧКТнын иши ачык жана айкын болушу зарыл – шайлоочулар кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүнөн күмөн санабашы керек. Мыйзам бузуунун олуттуулугунун жана ага карата көрүлгөн чаралардын пропорционалдуулугун эске алуу, бузуулар боюнча чогултулган материалдарды 100 пайыз тастыктоо практикасы өткөн шайлоо өнөктүктүгүндѳ КР БШКда калыптанып калган.

Мыйзамдын талаптарына ылайык, ар бир мыйзам бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестринде ыкчам түрдө көрсөтүлүп турат. Бүгүнкү күндө реестрге 35 факты боюнча маалымат: Бишкек шаарында - 13, Чүйдө - 9, Таласта - 5, Ошто - 4, Нарында - 2 жана Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында – 1ден маалымат киргизилди. Бул мыйзам бузуулардын бардыгына мыйзам чегинде чара көрүлгөн.

Арыздардын басымдуу бөлүгү шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузууга байланыштуу. Административдик ресурстун колдонулушу же шайлоо комиссияларынын мыйзамсыз аракеттери, добуштарды сатып алуу, каржылык мыйзам бузуулар боюнча даттануулар кыйла азыраак, бул тийиштүү мыйзам ченемдүүлүктөрдүн жоктугунан кабар берет.

Добуш берүү күнүнүн алдында Н.Шайлдабекова КР БШК ЫЧКТ мүчөлөрүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана өз алдынча чечим кабыл алган көз карандысыз шайлоо органдары катары аймактык комиссиялар менен координацияда жана тыгыз байланышта иштөөнү улантууга чакырды. Жарандардан келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароодо бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей мамиле кылуу, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоочулардын укуктарын коргоо жана ѳз каалоосун эркин билдирүүнү камсыз кылуу сыяктуу демократиялык принциптерди жетекчиликке алуу зарыл.

Шайлоону ѳткѳрүү учурунда КР БШКда ЫЧКТ Катчылыгы күчөтүлгөн режимде иштейт, алар менен төмөнкү байланыш каналдары аркылуу байланышууга болот:

Ыкчам байланыш телефону: 1255,

WhatsApp: 0 (221) 85-12-55, 0 (707) 01-12-55

Ишеним телефону:0(312) 62-62-46,

Коомдук кабылдама: 0(312) 66-02-40,

Электрондук дарек: кgor_cec@shailoo.gov.kg

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>