Башкы Жаңылыктар 17-ноябрдагы шайлоолор: Караколдо жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү …

17-ноябрдагы шайлоолор: Караколдо жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

06-Ноя, 2024

Каракол шаарында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды. 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгын аткаруу боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына алдыдагы шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Ысык-Көл облустук штабынын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Арпачиев, Каракол шаарынын мэри Ф.Алжанбаев жана Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат, райондук мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура, укук коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, шаардык инфраструктура жана билим берүү ишканаларынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Жыйында алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды. Бардык шайлоо участкалары бардык керектүү нерселер менен камсыздалганы жана шайлоого даяр экени белгиленди. Облустун ар бир районунда түзүлгөн штабдарга облустук штабдын жыйынында берилген тапшырмага ылайык шайлоого даярдыктарды аяктоо тапшырылды. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жоопкерчилик зоналары бөлүштүрүлгѳн, ага ылайык аткарылышы көзөмөлдөнөт.

Биринчи кезекте шайлоо комиссияларына шайлоочулардын акыркы тизмелерин түзүүдө, тактоодо көмөк көрсөтүү керек.

Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу бүгүн - 6-ноябрда аяктады. Ысык-Көл облусу боюнча аралыктан добуш берүүгө 1547 адам арыз беришти, алардын көбү «Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери. Ошондуктан, жумушчуларга аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн № 9301 Каракол шайлоо комиссиясынын «Кумтөр» кен ишканасына баруусуна шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары тарабынан колдоого алынган КР БШКнын төрагасынын сунушу жыйындын чечимдеринин бири болду.

Ошондой эле алдыдагы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан бардык уюштуруу, материалдык-техникалык маселелерди: шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүү, аба ырайынын шарттарын эске алуу менен жылуулук, электр менен жабдууну жана байланышты камсыз кылуу, транспортту, анын ичинде атайын ыкчам-техникалык жардам топтору үчүн унаалар менен камсыз кылуу тапшырылды. Добуш берүүчү жайлар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн шарттар менен, атап айтканда шайлоо жөнүндө маалымат жайгаштырылган чоң жана/же Брайл шрифтинде илинген стенд; ыңгайлуу кирип-чыгуу жолчолору, пандустардын болушу, жетиштүү жарык камсыз кылынууга тийиш.

Облустук жалпыга маалымдоо каражаттарына телеканалдарда социалдык түйүндөрдөгү роликтерди прокатка берүүнү, маалыматтык материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик органдардын маалыматтык ресурстарында жайгаштырууну камсыз кылуу тапшырылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирдей шарттарды сактоо менен үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жерлерди бөлүүгѳ тийиш.

Шайлоо процессинин коопсуздугу жана мыйзамдуулуктун сакталышы маселеси боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык топтору (ЫЧКТ) арыздарга жана даттанууларга ыкчам чара кѳрүү боюнча иш алып барып жаткандыгы белгиленди. ЫЧКТ мүчөлөрү шайлоо учурунда мыйзам бузууларга каршы ѳз ара аракеттенүү жана чара кѳрүүнүн алгоритмдери боюнча окуудан өтүшкѳн.

«Алдыдагы шайлоолор таза жана ачык-айкын өтөт деп ишенебиз, анткени биздин артыкчылыктуу ишибиз - шайлоочуларга добуш берүү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыз кылуу. Алдыдагы шайлоого Ысык-Көлдүн ар бир тургунунун катышуусу облусубуздун келечеги үчүн маанилүү. Бардык участкалар даяр жана бардык керектүү нерселер менен камсыздалган”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев.

Аралыктан добуш берүүгө арыз бергендердин баарын Каракол шаарындагы К.Тыныстанов кѳч., 26, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратында жайгашкан шайлоо участогунда күтүшөт.

Ысык-Көл облусунда административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча 36 айыл аймагы башкалар менен бириктирилген, 3 аймак шаарларга кошулган. Алсак:

- Ак-Суу районунан Челпек айыл аймагы Каракол шаарына кирген;

- Тоң районунан Көк-Мойнок айыл аймагы Балыкчы шаарына кирген,

-Бостери айыл аймагы Ысык-Көл облусунан Чолпон-Ата шаарынын курамына киргизилген.

Натыйжада облустун 3 шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын саны 103 миң адамга чейин көбөйгөн, 2021-жылы 78,5 миң адам болгон эле. Айылдык кеңештерди шайлоочуларынын саны да көбөйдү: азыр алардын саны дээрлик 244 миң адам болду, 2021-жылы 226 миңден ашык эле. Реформадан кийин айылдык кеңештердин саны 61ден 22ге кыскарганына карабастан.

Жалпысынан 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун 128 шайлоо округунда 625 депутаттык мандат үчүн талапкерлер ат салышат: анын 103ү - шаардык кеңештерге, 522си - айылдык кеңештерге. Айта кетсек, республика боюнча бир эле Жети-Өгүз районунан айылдык кеңештерге талапкерликке партиялык тизме боюнча 97 адам сунушталды.

Мандаттардын жалпы санынын 41,6%, б.а. 217 орун аялдар үчүн бөлүнгөн.

Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча шайлоо процессин 7 аймактык жана 249 участкалык комиссия камсыз кылат, аларда 2597 адам иштейт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>