Башкы Жаңылыктар 17-ноябрдагы шайлоолор: Ысык-Көлдүн шаарларында жана айылдарында маалыматтык жолугушуулар …

17-ноябрдагы шайлоолор: Ысык-Көлдүн шаарларында жана айылдарында маалыматтык жолугушуулар болуп өттү

01-Ноя, 2024

Ысык-Көл облусунда БШКнын мүчөсү И.Гайпкуловдун катышуусунда бир катар маалыматтык жолугушуулар болуп өттү, анын максаты - 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана аларга катышууну активдештирүү. Каракол жана Балыкчы шаарларында, Бостери, Түп, Ак-Суу, Бөкөнбаев айылдарында шайлоочулар менен түрдүү форматта жолугушуулар өтүп, ага 300дөн ашык адам катышты.

Бул маалыматтык жолугушууларды КР БШК Кыргызстан элинин ассамблеясы, Саясий өнүгүү институту жана анын өнөктөштөрү, “Кыргызстан Жаштар Кыймылы” менен биргеликте уюштурган. Мындай жолугушууларды уюштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери активдүү көмөк көрсөтүштү.

Ысык-Көл облусунун тургундары менен болгон жолугушууларда алдыдагы шайлоонун облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл жергиликтүү депутаттардын ролун күчөтүүгө багытталган шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө, ошондой эле катталган жеринен алыс жашаган шайлоочулардын ыңгайлуулугу үчүн киргизилген аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушуулардын өзгөчөлүгү облуста жашаган диаспоралардын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу болду. Бул шайлоо процессинин туруктуулугун жана айкындуулугун чыңдоого багытталган шайлоо жөнүндө калкты маалымдоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү жөнүндө КР БШК менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын ортосундагы макулдашуунун натыйжасында болду.

Каракол шаарында И.Гаипкулов К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту. Кеңири жана түшүнүшүү кырдаалында ал жалпысынан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу жаштардын бардык суроолоруна жооп берди. Студенттердин атынан университеттин проректору Н.Сулайманова КР БШКнын мүчѳсүнө ыраазычылык билдирди.

Студенттерге К.Тыныстанов атындагы университетте аралыктан добуш берүүнү каалагандар үчүн 6-ноябрга чейин арыздарды кабыл алуу пункттарынын бири бар экени айтылды. Жалпысынан Каракол шаарында мындай үч пункт бар, алар:

  1. К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети. (К. Тыныстанов көч., 26);
  2. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институту (К. Тыныстанов көч., 46);
  3. КТБ - калкты тейлөө борбору (Гебзе көч., 124)

Жаштарды ошондой эле “tizme.gov.kg” сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” аркылуу электрондук түрдө арыз берүү мүмкүнчүлүгү кызыктырды.

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>