Башкы Жаңылыктар 17-ноябрдагы шайлоолор: Баткенде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык …

17-ноябрдагы шайлоолор: Баткенде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

31-Окт, 2024

31-октябрда Баткен облусунда 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды. Облустук штабдын жыйынына КР БШКнын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н.Шайлдабекова, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, шаардык, райондук администрациялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиери, айыл өкмөттѳрүнүн башчылары, прокуратуранын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрү, КР БШКнын адистери катышты.

КР БШКнын жетекчиси облустун жетекчилигине алдыдагы шайлоого байланыштуу материалдык-техникалык маселелерди өз убагында чечип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Чек ара аймагынын ѳтѳ узундугуна байланыштуу Баткен облусунда аралыктан добуш берүү маселеси актуалдуу болууда. Облуста чек ара бекеттери жана заставалары жетишээрлик көп, демек аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жеринен чыкпай добуш берүүгө шарт түзүп берүү зарыл. Ошондой эле ички жана тышкы миграцияны эске алуу менен аралыктан добуш берүүнү киргизүү мыйзам менен бекитилди.

Учурда Баткен шаарында арыздарды кабыл алуу боюнча 3 пункт бар, тѳмѳндѳгү даректер боюнча аларга аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин кайрыла алышат:

• Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп. (Ж.Момунов көч., 16);

• Баткен мамлекеттик университети (И. Жусупов көч., 21);

• КТБ калкты тейлөө борбору (М. Салихов көч., 33/1).

Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 306 миңге жакын адам болсо, быйыл 344 миңден ашты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына административдик-аймактык реформанын натыйжасында өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана түзүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди. Реформангын жыйынтыгында 9 айыл аймагы башкаларга бириктирилди. Шайлоочулар өздөрүнүн маалыматын 2-ноябрга чейин тактаса болот, шайлоо комиссияларында 17-ноябрга чейин контролдук тизмени актуалдаштырып алса болот.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алдыдагы депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, шайлоо участкалары үчүн жылуулук жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалган жайларды бөлүп берүү, шайлоо комиссияларын транспорт, оргтехника жана байланыш каражаттары менен жабдуу, үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жерлерди бөлүп, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн башка шарттарды камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүп, кѳмѳк кѳрсѳтүү талап кылынат. Шайлоо участкаларынын басымдуу бөлүгү билим берүү мекемелеринде жайгашкандыктан, облустук билим берүү башкармалыгына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иштөөсүнө керектүү шарттарды түзүп берүү жана алардын сакталышын көзөмөлдөө сунушталды.

КР БШКнын мүчөлөрү тарабынан республикалык деңгээлдеги укук коргоо органдарынын адистери менен биргеликте өткөрүлгөн тренингдерден кийин Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтордун (ЫЧКТ) даярдыгы белгиленди. А.Алимбаев облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн шайлоо процессине кийлигишүүсүнө же айрым талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурсту колдонуусуна жол берилбей турганын баса белгиледи. Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга (добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузуу ж.б.) чара көрүү оперативдүү жыйындарда жүргүзүлөт. БШКнын тренингдеринде ЫЧКТ мүчөлөрүнө тиешелүү көрсөтмөлөр, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби, мыйзам бузууларга чара көрүү алгоритмдери берилди.

Жолугушуунун катышуучулары шайлоо процессинин бардык катышуучулары үгүт жүргүзүү эрежелерин, ошондой эле моралдык-этикалык нормаларды сактап, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылат деген ишенимин билдиришти. ЖӨБ органдары бирдей шарттарды камсыз кылуу менен үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жерлерди бөлүп бериши керек.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 136 шайлоо округу бар, административдик-аймактык реформага чейин алардын саны -142ни түзгѳн. Облустун шаарларында 8 партия 166 мандат үчүн өз талапкерлигин көрсөткөн. 22 айылдык кеңеште 552 мандаттын ар бирине өзүн-өзү көрсөткөн 2 талапкер ат салышууда, бул шайлоочуларга эң татыктуусун тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Жалпысынан 229 мандат аялдар үчүн сакталган, алардын жер-жерлердеги өкүлчүлүктүү бийилкке катышуусунун натыйжалуулугу социалдык долбоорлордун, балдар жана жаштар үчүн долбоорлордун санынын көбөйүшү менен шартталган.

17-ноябрда 582 миңден ашык калкы бар Баткен облусунда шайлоочулардын саны 344 миңден ашуун адамды түздү. Облуста 6 аймактык жана 219 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп, анда 2369 адам эмгектенет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>