Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17-ноябрь: Жалал-Абадда алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо …

Шайлоо 17-ноябрь: Жалал-Абадда алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча штабдын жыйыны болуп ѳттү

30-Окт, 2024

30-октябрда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү.

​Жыйынга КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, республикалык штабдын теңтөрагасы, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.

​Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, тиешелүү органдардын милдеттери тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат берилди.

​Учурда шайлоочулардын тизмелери такталып, шайлоочулар аралыктан добуш берүүгө катталууда. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КМБМР) маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте күн сайын жаңыланып турат.

​Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 680 миңге жакын адам болсо, быйылкы жылы 771 миңден ашты. Жалал-Абад шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп, административдик-аймактык реформадан кийин 8 айыл аймагын камтыды жана ошого жараша шайлоочулардын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү.

​​Административдик-аймактык реформанын натыйжасында аларда өзгөртүүлөр болушу мүмкүн болгон шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө, тактоого жана жазууга көмөк көрсөтүү ЖӨБ органдарына тапшырылды. Шайлоочулар өзүлөрү өздөрүнүн маалыматтарын 2-ноябрга чейин, участкалык шайлоо комиссияларында контролдук тизмелерди актуализациялоону 17-ноябрга чейинки убакытта тактай алышат.

Жыйында шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымдалды: шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар, баарынан мурда участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, аларды үзгүлттүксүз электр менен жабдуу, ошондой эле генераторлор, жылытуу, байланыш, техникалык жактан колдоо топтору үчүн автотранспорт менен камсыз кылуу жана башка маселелер көңүлдүн чордонунда болду. Шайлоо участкаларында ДМЧА үчүн шарттарды түзүүнү белгилешти: көпчүлүк участкалар пандустар менен жабдылган, Брайль шрифти менен даярдалган маалыматтык материалдар бар.

Ошондой эле ЫЧККТ алкагында шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат берилди, ал бул округда аймактык шайлоо комиссиясынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн. Мурда ЫЧККТ мүчөлөрү өз ара аракеттенүүгө жана шайлоодо бузуулардын ар кандай түрлөрүнө, баарынан мурда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурска каршы чара көрүү алгоритмдерине окутуу боюнча тренингден өтүштү.

Аралыктан добуш берүүнү активдештирүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтуу менен, ушул убакта Жалал-Абад шаарында арыздарды кабыл алуучу 3 пункт иштеп жаткандыгы, аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин төмөнкү дарекке кайрыла алышаары белгиленди:

•​Б. Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көчөсү, 25);

•​К.Токтомаматов атындагы эл аралык университет (Спутник кичи району, Тарсус көчөсү, 1а);

•​КТБ Калкты тейлөө борбору (Барпы Алыкулов көчөсү, 1).

17-ноябрда Жалал-Абад облусунда 47 жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат: 10 – шаардык жана 37 – айылдык. Административдик-аймактык реформадан кийин, анын жүрүшүндө 29 айылдык аймак башкаларга кошулду, жергиликтүү кеңештердин саны кыскарды: мурда алардын саны 76 болгон. Тиешелүүлүгүнө жараша депутаттык мандаттардын саны да кыскарды. Азыр Жалал-Абад облусу боюнча мандаттардын жалпы саны – 1197, алардын ичинен 290 – шаардык кеңеш, 907 – айылдык кенеш. Аялдар үчүн 29,7% резервделди, б.а. 356 мандат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>