Башкы Жаңылыктар ​Шайлоо 17-ноябрь: Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыкты талкуулашты

​Шайлоо 17-ноябрь: Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыкты талкуулашты

30-Окт, 2024

​30-октябрда 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин жана материалдык-техникалык камсыз кылууну чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Ош облустук штабынын жыйыны болуп өттү. Шайлоонун алдындагы штабдардын жыйындары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгына ылайык өткөрүлүп жатат.

​Жыйындын ишине КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Джантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсупов, шаардык жана райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура, укук коргоо органдарынын, шаардык инфратүзүмдөрдүн ишканаларынын жана билим берүүнүн өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты.

Ош облусу боюнча административдик-аймактык реформанын натыйжалары жөнүндө толук маалымат берилди. Эгерде реформагачейин облус боюнча 91 жергиликтүү кеңеш болсо(3 шаардык жана 88 айылдык), азыр – 61 жергиликтүү кеңеш, алардын ичинен 3 шаардык жана 58 айылдык.

Төмөнкүлөр Кара-Суу районунун курамынан чыгарылды жана Ош шаарына кошулду:

- Кызыл-Кыштак айылдык аймагы,

- Төлөйкөн айылдык аймагы,

- Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участкалары,

- Ленин айыл аймагынын Имам-Атаучасткасы,

- Папан айыл аймагынын 1,2,3,4, Ак-Буура участкалары.

Ошентип, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоочулардын саны 84 миңден ашык адамга өстү.

КР БШКнын маалыматтары боюнча, 17-ноябрда 1,8 млн. ашык калкы бар Ош облусундашайлоо участкаларында 1 млн. ашык адамды күтөт. Шайлоо 62 жергиликтүү кеңеште (Ош шаарын кошуп алганда) өтөт, депутаттык мандаттардын саны: облуста – 1541 жана Ош ш. – 51, алардын 30% аялдар үчүн резервделген. Жергиликтүү жетекчилерге - административдик-аймактык реформанын алкагындагы бардыкөзгөрүүлөрдү дагы бир ирет текшерүү жана тактоо тапшырылды.

Бардыгы Ош облусу боюнча шайлоо процессин 1 аймактык жана 492 участкалык комиссиясы, Ош шаарында – 1 аймактык жана 102 участкалык комиссия тейлейт.

Жыйында алдыда болуучу шайлоону даярдоо, шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу боюнча иш-чаралардын планы талкууланды. Облустун бардык райондорун да шайлоого карата даярдык боюнча штабдар түзүлдү.

Материалдык-техникалык даярдыкты, жылытууну, электр менен жабдууну жана өзгөчө өзгөрүлүп турган аба ырайын эске алуу менен байланышты кошуп алганда, биринчи кезекте шайлоо участкалары тиешелүү деңгээлде камсыз кылынууга тиийиш. Бул маселелер тиешелүү органдардын жетекчилеринин борбордук деңгээлдеги контролунда турат. Ошондой болсо да облустун деңгээлинде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да көптөгөн милдеттер бар.

Ош облусунда бардык маселелер өз убагында чечилүүдө.

Шайлоо участкаларында ДМЧА үчүн шарттарды түзүү боюнча жакшы иштер белгиленди:көпчүлүк участкалар пандустар менен жабдылган, Брайль шрифти менен даярдалган маалыматтык материалдар бар.

Ошондой эле коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды. Аймактык шайлоо комиссияларынын жана прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде алардын компетенциясына келип түшкөн арыздарга жана даттанууларга чара көрүү үчүн ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору (ЫЧККТ) түзүлгөн жана ар бир орган тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Ош шаарын кошуп алганда, облустун бардык жерлеринде мыйзамдуулукту сактоодо шайлоо комиссиялары жана укук тартиби органдары кандай өз ара аракеттенүүгө тийиштиги жөнүндө укук коргоо органдары үчүн тренингдер жана кеңешмелер өткөрүлүп турат. Бардык нускамалар, өз ара аракеттенүү тартиби жана бузууларга чара көрүү алгоритмдери ушул кеңешмелерде берилет жана ишке ашырыла баштады.

“Бүтүндөйүнөн Ош облусунда шайлоо процесси тынч өтүп жатат” деп белгиледи КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова. Бирок, добуш берүү күнүнө жакын калганда бузуулардын саны көбөйгөндүктөн кырдаалды контролдо кармап туруу маанилүү.

Аралыктан добуш берүү мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылгандыгы кабарланды. Ош шаарында аралыктан добуш берүү үчүн 1 участок жана аралыктан добуш берүүнү каалагандардан арыздарды кабыл алуучу 2 пункт ачылды:

- А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көчөсү, 37);

- Ош мамлекеттик университети (Ленин көчөсү, 331);

- КТБ Калкты тейлөө борбору (Т. Касымбеков көчөсү, 8г/1).

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>