Башкы Жаңылыктар 17-ноябрь шайлоо: Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл …

17-ноябрь шайлоо: Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 2024-жылдын 6-ноябрына чейин узартылды

28-Окт, 2024

17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин (5-ноябрды кошуп алганда) узартты. Бул жарандарыбыздын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу үчүн кылынган аракет.

Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети ЦОНдо, 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт. Ар кандай аймактардан алынган сүрөттөр жарандардын активдүүлүгүн жана адистердин профессионалдык ишин көрсөтүп турат.

Аралыктан добуш берүү үчүн арыз берүү процесси жөнөкөй жана ыңгайлуу. Катталуу үчүн 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына кирип, «Шайлоочунун кабинети» кызматынан пайдаланып арыз беришиңиз керек. Аралыктан добуш берүү жол-жоболору анкета толтуруу жана арызды ырастоодон турат.

Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтар массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу таратылууда. БШК КР жарандарды узартылган арыз берүү мөөнөтүн пайдаланып, 6-ноябрга чейин бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу арыз берүүгө чакырат.

Баардык суроолор боюнча 1255, 0550 350 650 (WhatsApp) телефондоруна кайрылыңыздар

Арыздарды кабыл алуу пункттарынын даректери:

№

шайлоо участогу

жогорку окуу жайы

калкты тейлөө борбору

1

БИШКЕК, Ленин району,  Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу,   Фрунзе көч. №547

БИШКЕК, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, проспект  Ч.Айтматова 27

БИШКЕК, Калкты тейлөө борбору:

Чокан Валиханов көч. №2 

2

БИШКЕК, Октябрь району, райондук мамлекеттик админстрациясынын имараты, “Таберик” балдар музыкалык театрынын залы, Байтик баатыр көч. №17

БИШКЕК, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, И.Ахунбаев көч.№92

 

3

БИШКЕК, Биринчи май району, К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасынын имараты, Огонбаев көч. №242

БИШКЕК, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Раззаков көч. №51

4

БИШКЕК, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имараты, Ю.Абдрахманов көч. №167

БИШКЕК, Туризм академиясы, Чүй проспектиси №99

5

ОШ, А.Навои атындагы орто мектебинин имараты, Масалиев көч. №37

ОШ, Ош мамлекеттик университети,  Ленин көч.№331

ОШ, Калкты тейлөө борбору:

Касымбеков көч. №8г/1

6

БАТКЕН,  Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имараты, Ж.Момунов көч.№16

БАТКЕН,  Баткен мамлекеттик университети, И.Жусупов көч. №21

БАТКЕН,  Калкты тейлөө борбору:

Мурат Салихов көч. №33/1

7

ЖАЛАЛ АБАД, Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Т.Байзаков көч. №25

ЖАЛАЛ АБАД, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Спутник к/ш Тарсус көчөсү №1а

ЖАЛАЛ АБАД, Калкты тейлөө борбору:

Барпы Алыкулов көч. №1

8

КАРАКОЛ, К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Тыныстанова көч. №26

КАРАКОЛ, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институту, К.Тыныстанов көч. №46

КАРАКОЛ, Калкты тейлөө борбору:

Гебзе көч. №124

9

НАРЫН, КРнын Президентинин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, Ленин көч. №76

НАРЫН, Жаштар үйү, Ленин көчөсү №76

НАРЫН, Калкты тейлөө борбору:

Ленин көч. №39

10

ТАЛАС, А.Токтогулов атындагы облусттук китепкананын имараты, Ч.Айтматов көч. №353

ТАЛАС, Талас мамлекеттик университети,  Нуржанов көч. №25а

ТАЛАС, Калкты тейлөө борбору:

Дзержинский көч. №28

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>