Башкы Жаңылыктар Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого …

Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

23-Окт, 2024

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Үгүт кампаниясы 18 октябрь башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарга маалым, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жалпы жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо болот.

Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалганын билесиздер.

Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарды.

Буга жараша мандаттардын да саны азайды.

Мына ушул шайлоо өнөктүгүнө үгүт иштери эртең 17-октябрда башталмакчы.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Административдик-аймактык реформанын өзү бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет.

Мындан улам, бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө маанилүү иш-чара экенин баса белгилейм.

Дегеле жергиликтүү шайлоо болобу же Жогорку Кеңешке шайлоо болобу, айтор, бардык шайлоолор элибиздин жана өлкөбүздүн 5 жылдык тагдырына түздөн-түз таасир этет.

5 жыл аралыгында жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигин жакшыртуу жана өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуу дал ушул силер өзүңөр тандаган өкүлдөргө байланыштуу болот.

Биз “Аймак өнүксө – өлкө өнүгөт!” деп келебиз. Мына ушул аймактардын алдыга жылышында кесипкөй адистердин, креативдүү жарандардын, демилгелүү жаштардын жана мекенчил атуулдардан тандалып чыккан депутаттардын орду өзгөчө экенин унутпайлык.

Мына ушундай жарандар шайланса, аймактарды, айыл жерлерин алдыга сүрөшөт, элдин тилегин орундатууга жан үрөйт.

Алар өздөрүнүн биографиясы, кадыр-баркы же жеке кызыкчылыгы үчүн келбестен, ошол аймактын, ошол шаардын талылуу, өнүкпөй жаткан жерлерин айтат, аларды чечүүнүн жолдорун издейт, бюджеттик каражатты сарамжалдуу, көйгөйлүү маселелердин чечилишине жумшоого добуш берет.

Ар бир тыйындын аркасынан түшүп, анын максаттуу иштетилишин көзөмөлдөйт.

Урматтуу мекендештер, “Биз жаңы Кыргызстанды курууга бет алдык” деп ар дайым айтып келем. Бет алган жолубуз оңой эмес.

Ары татаал мезгилде, ары кыйын учурда өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу деген бийик жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз.

Мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталат. Мына ошондуктан, жергиликтүү кеңеш деп конул бурбай койбойлу, кайдыгер карабайлы.

Аймактардын өнүгүшү менен мамлекет күчтөнө тургандыгын эсибизден чыгарбай, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдуу катышып бериңиздер!

Талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо да оңой иш эмес. Талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес.

Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою өкүнүп калбагыла.

Мектеп, бала-бакча, жолдорду жана башка баардык соц обьектилерди мамлекет куруп беребиз. Эч бир талапкер же депутат өз чөнтөгүнөн жасай албайт.

Депутаттар жергиликтүү аймактардын же шаарлардын элден чогулган бюджетин бекитип беришет жана кандайдыр бир маселелерде макулдугун берет же баш тартат.

Бийликке айрымдар сын-пикирлерин айтып келет. Албетте, ал сындар конструктивдүү болсо жакшы, пайдасы гана тиет. Бирок, бийликке курулай доомат артып, элге болсо асмандагы Айды алперем дегендер да бар. Иш жүзүнө келгенде кандай экенин көрүп эле жүрөбүз.

Жер-жерлерде өз уул-кыздарыңардан – талапкерлердин дараметин сиздер жакшы билесиздер.

“Кол ийрисине тартат” болбой, татыктууларын шайлаңыздар.

Азыр дүйнө ыкчам өзгөрүп жаткан маалда, өнүгүү үчүн ар бир күнүбүз, керек болсо ар бир саатыбыз маанилүү! Мына ошондуктан, эл үчүн, өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен өткөн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жүрөгүндө Мекенимди өнүктүрөм деген жалындуу, алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар!

Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды.

Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат.

Биз укуктук талаадагы мамлекетте жашап жатабыз. Баары мыйзам чегинде болушуна шарт түзүп беребиз. Калың элдин тандоосунан татыктуу өткөн, таза шайланып келген депутат гана элге кызмат кылышы керек! Мындан башкача болушу мүмкүн эмес, болбойт дагы!

Дагы бир маанилүү жагдай – 17-ноябрда шайланып келген жергиликтүү кеңештердин депутаттары алдыда боло турган Элдик курултайдын жер-жерлерден келе турган делегаттарын шайлашат. Демек, аймактардагылардын көйгөйлөрүн Курултайга алып чыгууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу маанилүү болот.

Элдик курултай, өзүңүздөр билгендей, ачык-айкын, түз эфирде өтөт.

Анан буга чейинки таржрыйба көрсөткөндөй, Курултай бүткөн соң, “тигил маселе көтөрүлдү, бул көтөрүлгөн жок” деп талкуулап жатып калабыз. Келиңиздер, азыртадан эле бул маселелердин алдын алыңыздар.

Элдик курултайга татыктуу делегаттарды тандап берүүгө жөндөмдүү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлаңыздар. Алар шайлаган делегаттар өз кезегинде Курултайда силер үчүн орчундуу делген маселелерди көтөрүп чыгышсын.

Демократия, сөз эркиндиги деп ооз толтура көп сүйлөйбүз. Демократиянын, сөз эркиндигинин пайдубалы дал ушул сыяктуу шайлоолордо түптөлөт.

Мамлекеттин, өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечегине кайдыгер болбоңуздар.

2026-жылы өлкөбүздө Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо өтсө, андан киийн аз убакыт өтпөй эле Президенттик шайлоо болот.

Азыркы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна дагы, кийинки шайлоолорго дагы активдүү катышыңыздар.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекенибиздин алдында атуулдук ар-намыс, милдетиңер катары шайлоого келип, татыктуу талапкерлерди тандап бериңиздер!

Беш жылда бир жолу шайлоого келип болгону жарым сааттык убактыңыздарды коротот экенсиздер. Ошол убактыңыздарды аябаңыздар.

Анткени 5 жыл бою өзүңөрдүн, аймактардын, шаарлардын тагдырлары дал ушул депутаттар аркылуу чечилет. Ошондуктан милдеттүү түрдө ар бир шайлоого катышканды унутпаңыздар.

Келиңиздер, өзгөрүүлөрдү ар ким өзүбүздөн баштайлы”.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>