Башкы Жаңылыктар Мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген жергиликтүү кеңештердин …

Мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар жөнүндө

21-Окт, 2024

​Борбордук шайлоо комиссиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген талапкерлерге карата талаптар күчөтүлүп, чектелгендигин эске салат.

Мыйзамдын 17-беренесинде мындайча баяндалган:

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

2) муниципалдык кызматчы;

3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери;

4) мамлекеттик же муниципалдык мекеменинжетекчиси.

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) мамлекеттик саясий кызматчы;

2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

3) 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери”.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматорундарын ээлеген жана шайлоо учурунда кызматтык ыйгарым укуктарын токтото турууга милдеттүү болгон талапкерлерге мектеп директорлору, башкы врачтар ж.б.у.с. кирет.

​Талапкерлер шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматтык ыйгарым укуктарын токтото туруу жөнүндө арыз берген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын жетекчилери алардын орточо эмгек акысын сактоону камсыз кылууга милдеттүү.Депутаттыкка талапкерлерге мыйзамда каралган кепилдиктер алар аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан катталган учурдан тартып күчүнө кирет жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин, ал эми даттанылган учурда соттун чечими күчүнө киргенге чейин күчүндѳ болот .

​Ошондой эле катталган талапкер ишиненбошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке которулбайт, аскер кызматына чакырылбайт.Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили эмгек стажына эсептелет.Катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.

​Ошентип КР БШК мыйзамдар шайлоо учурунда талапкерлердин укуктарынкепилдендиргенин баса белгилейт жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууну өтүнөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>