Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17 ноябрь: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышкан 39 …

Шайлоо 17 ноябрь: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышкан 39 саясий партия шайлоо эрежелерин сактоо боюнча Меморандумга кол коюшту

21-Окт, 2024

2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн катталган бардык 39 партия шайлоо эрежелерин, анын ичинде социалдык тармактардагы үгүт эрежелерин сактоо боюнча Меморандумга кол коюшту.

Меморандумга кол коюу аземдери жер-жерлерде БШК мүчөлөрүнүн, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн, саясий партия лидерлеринин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, жарандык коом уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда өттү.

Меморандумдун тексти:

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосундагы

МЕМОРАНДУМ

Биз, 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткѳн, төмөндө кол койгон саясий партиялар

ѳлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоо, ошондой эле жарандардын жашоо турмушун сапатын жакшыртуу үчүн жалпы жоопкерчиликти сезип,

жарандардын кызыкчылыктары шайлоо процессинин ар бир катышуучусунун көңүл борборунда болууга тийиш экендигин жана элдин ишенимине реалдуу иш-аракеттер менен гана ээ болууну таануу менен,

ѳткѳрүлгѳн шайлоо реформасы тарабынан кепилденген шайлоонун так жана ачык-айкын натыйжаларынын маанилүүлүгүн түшүнүү аркылуу шайлоону Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына толук ылайыктуу таза жана адилеттүү өткөрүүнү колдоо менен,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, жарандык уюмдардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана активисттердин катышуусунда ушул Меморандумга кол коюу менен биз ачык түрдө төмөнкүлөргө милдеттенебиз:

• шайлоо өнөктүгүн ачыктык жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыктуулугу, мыйзамдын улуктугу принциптеринде жүргүзүүгө;

• шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнүн конструктивдүү, зомбулуксуз ыкмаларын колдонууга;

• катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгѳ, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, коомдук талкууда чечүүгѳ;

• шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, ыплас технологияларды колдонбостон үгүт иштерин жүргүзүүгө жана бири-бирине карата чынчыл болууга;

• добуш берүүгө чейин жана добуш берүү күнү добуштарды сатып алууга ѳзүбүздүн жана өкүлдөрүбүздүн, ишенимдүү адамдарыбыздын, агитаторлорубуздун, туугандарыбыздын, досторубуздун, тааныштарыбыздын жана башка адамдардын катышуусуна жол бербөөгө, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, ошондой эле укук коргоо органдарына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ;

• өз максаттарына жетүү үчүн административдик ресурсту, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынан пайдаланууну болтурбоого;

• жарандардын эркин билдирүүсүнѳ, добуш берүү жана добуштарын эсептөө эркиндигине укукка сыйбаган таасир этүүчү бардык аракеттерден четте болууга, ошондой эле добуш берүүнүн купуялуулугун бузбоого;

• аял-талапкерлердин шайлоо процессине катышуусун толук колдоого, маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүүгѳ, аял-талапкерлердин мандаттан баш тартуусуна муктаждаган басмырлоонун жана кысымдын бардык түрлөрүнө жол бербөөгѳ;

• ачык-айкындуулуктун жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларын урматтоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө ар тараптан көмөктѳшүүгѳ, шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын иштерине көмөк көрсөтүүгѳ;

• шайлоо өнөктүгүн шайлоо алдындагы жана андан кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч жагдайга өбөлгө боло тургандай уюштурууга жана өткөрүүгѳ.

Жарандарды маалымдоодо социалдык тармактардын маанилүү ролун түшүнүү менен, шайлоо өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн төмөнкү эрежелерин сактоого даяр экенибизди билдиребиз:

• социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө саясий партиялар жана талапкерлер, алардын тарапташтары шайлоо мыйзамдарын, ушул меморандумдун шарттарын жана социалдык тармактарда жагымдуу конструктивдүү маалыматтык чөйрөнү сактоосун камсыз кылууга;

• социалдык түйүндөрдө чыныгы жана расмий аккаунттарды гана колдонууга, өз талапкерлерин жарнамалоо үчүн фейк аккаунттарды же жасалма тармактарды колдонуудан алыс болууга, ошондой эле шайлоо процессине ишенимди адаштырган же бүлүндүрүүгѳ алып келген аракеттерге жол бербѳѳгѳ;

• башка талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына, саясий партиялардын ишкердик беделине шек келтирүүчү, атайылап жалган маалыматтарга негизделген басылмаларды таркатпоого;

• социалдык тармактар ​​аркылуу зордук-зомбулукка чакырыктарды, социалдык араздашууну пайда кылуу коркунучун, диний темаларга шилтемелерди, ошондой эле коомдук тартипти дестабилдештирүүчү башка билдирүүлөрдү жана маалыматтарды камтыган үгүт материалдарын жана маалыматтык материалдарды, анын ичинде анонимдүү түрдө таратуудан алыс болууга;

• социалдык тармактардагы өзүбүздүн аракеттер жана ѳзүбүздүн тарапташтардын аракеттери үчүн, ошондой эле жарыяланмаларга жана маалыматтарды жайылтууга байланыштуу мүмкүн болуучу кесепеттер үчүн толук жоопкерчиликти алууга;

• социалдык тармактарды колдонууга байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана коркунучтар жөнүндө өзүбүздүн тарапташтарыбызга, өзгөчө жаштарга маалымдоо боюнча үзгүлтүксүз аракеттерди жасоого жана социалдык тармактарда конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга жигердүү дем ​​берүүгѳ;

• саясый оппоненттер жана шайлоо процесси тууралуу жалган маалыматтарды таркатпоого, ошондой эле интернетке жарыялоодон мурда бардык маалыматтардын тууралыгын кылдаттык менен текшерүүгѳ.

Социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо боюнча милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу максатында, 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча көз карандысыз институтту түзүүнү жана анын натыйжалуу иштешин колдойбуз.

Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн калыстыкты көрсөтүүгө жана саясий партиялар жана талапкерлер, укук коргоо органдары менен ачык ѳз ара аркеттенүүгѳ даяр болууга, административдик ресурсту колдонууга жол бербөөгѳ жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын фактыларды бурмалоону жана маалыматтарды манипуляциялоону болтурбоо менен адилет жана обьективдүү болууга чакырабыз.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>