Башкы Жаңылыктар Билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн …

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн шайлоого катышууга эч кандай тоскоолдуктар болбоого тийиш

16-Окт, 2024

14-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо кломиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.   Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү маанилүү маселелердин бири болду.

            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Жапаров төмөн турган  органдардан шайлоо мыйзамдарын так сактоону талап кылды, ал эми мыйзамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлердин шайлоого толук кандуу катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылат.

            БШКнын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова жергиликтүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтеринин жетекчилигине  билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жана иш-аракеттери жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарынын ишинин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берген айылдык интеллигенциянын башка өкүлдөрүнүн  шайлоого катышуусуна жасалган бардык  тоскоолдуктарды болтурбастан, алдыдагы шайлоого талапкерлерди тоскоолдуксуз көрсөтүү жана алардын катышуусу  тууралуу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылуу чакырыгы менен   кайрылды.

            БШК билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине карата алар ѳздѳрүнүн  ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу менен шайлоого катыша ала тургандыгы тууралуу  норма сакталарын эске салат.

Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.

Ошондой эле шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамдарда шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбай же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбай тургандыгы, аскер кызматына чакырылбай тургандыгы белгиленген. Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жаппы эмгек стажына эсептелет.

Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>