Башкы Жаңылыктар КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы …

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Азистер жана дүлөйлөр коомуна жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн Брайль шрифти менен даярдалган материалдарды тапшырды

16-Окт, 2024

2024 жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында КР БШК «Өнүктүрүү саясаты институту» коомдук бирикмесинин колдоосунда КР Азистер жана дүлөйлөр коомуна талапкерлер жана шайлоочулар үчүн Брайль тилиндеги маалыматтык буклеттерди тапшырды, аларда шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери, добуш берүүнүн тартиби, аралыктан добуш берүүнүн тартиби жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун башка шарттары кең-кесири баяндалган. Акциянын максаты – жеткиликтүү форматта маалымдоо жана алдыда болуучу шайлоодо майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын алдыга жылдыруу.

Баардыгы төмөнкү маалыматтык материалдар тапшырылды:

- шайлоочулар үчүн брошюралар – 1700 нуска,

- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн брошюралар – 300 нуска.

Маалыматтык материалдарды тапшыруу аземине КР БШК төрагасы
Н. Шайлдабекова, КР ЖК депутаты Д. Бекешев, КР Азистер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси К. Жапаров, Өнүктүрүү саясаты институнун башкармалыгынын мүчөсү С.Градваль катышты.

КР БШК төрагасы белгилегендей, «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкерлердин шаардык шайлоого милдеттүү катышуусуна тиешелүү норманы шайлоо мыйзамдарына киргизүү менен, мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын укуктарын корогоону жактай тургандыгын ырастады. КР БШК 2017-жылы саясий турмушка катышууга жана эркин добуш берүүгө бөгөт болгон укуктук жана администрациялык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча этап-этаптуу чаралар менен алектенген, ушул убакта БШК мүчөсү А. Жумалиева жетектеп жаткан топту түзүп, мамлекеттин бул саясатын ырааттуу ишке ашырып жатат.

Бүгүнкү күндүн милдети – саясий партиялар алардын маалыматтык жана үгүт материалдарынын 1% кем эмеси атайын форматта берилүүгө тийиш экендиги жөнүндө мыйзамдын нормасын аткарууга милдеттүү».

КР ЖК депутаты Д. Бекешев жаңы брошюралардын биринчи окурманы болуп калды, ал алардын сапатын «эң жакшы» деп баалады. «Өткөн жылы эл аралык аянтчаларда Кыргызстан шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө инклюзивдүү шарттарды түзүү боюнча Борбордук Азияда баарынан алдыга чыккандыгы белгиленди. Эми биз өзүбүздүн позициябызды жакшыртып жатабыз, башкача айтканда, эгерде биз мурда Жогорку Кеңеште ДМЧА талапкерлердин шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө гана айтып келсек, быйылкы жылда бул мыйзамдагы милдеттүү норма» деп баса белгиледи ал.

КР Азистер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы К. Жапаров бүгүнкү күндө Коом бүткүл өлкө боюнча майыптыгы бар жарандарды баш коштурган 60 филиалдан турган ири бирикме болуп саналгандыктан, пайдалуу маалыматтар өзүнүн кызыкдар шайлоочусуна чейин жетээрине ишендирүү менен КР БШК жана Өнүктүрүү саясаты институтуна ыраазычылык билдирди.

«Өнүктүрүү саясаты институту (ӨСИ) жергиликтүү кеңештердин иши ар биринин турмушунда маанилүү экендигин түшүнөт жана маалыматтык кампанияны өткөрүүдө БШК менен кызматташууга ыраазы. Биздин кызматташтыгыбыздын бирден бир мисалы маалыматка жетүүдө инклюзивди (баардыгы үчүн тең шарттарды түзүүнү) камсыз кылуу болуп саналат. Депутат болууну каалагандар сыяктуу эле, депутаттарды шайлоочулар үчүн да Брайль тилиндеги маалыматтык брошюралардын атайын чыгарылышы – ал кимге арналгандыгын татыктуу белгилегендерге биздин салымыбыз» деп белгиледи Өнүктүрүү саясаты институнун башкармалыгынын мүчөсү С. Градваль.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>