Башкы Жаңылыктар Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы алдыда болуучу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын …

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы алдыда болуучу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө КР БШКнын маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясына кошулду

15-Окт, 2024

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясында «2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо» аттуу маалыматтык жолугушуу болуп өттү, анын максаты – КР Президентинин Жарлыгы менен 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу калкка маалымдоону активдештирүү. Иш-чарага Кыргызстандын 20дан ашык диаспораларынын жана этникалык топторунун өкүлдөрү, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минстрлигинин жетекчилери катышты.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө, анын ичинде өлкөдө өткөрүлгөн административдик-аймактык реформаны эске алуу менен толук маалымат берди.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы А. Матубраимов Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы жана этникалык диаспоралар көп регионалдык уюмдарды бириктирип тургандыгын белгиледи. Ал диаспоралардын лидерлерин КР БШК тарабынан берилген маалыматтардын негизинде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңейтүүгө, ошондой эле азыркы убакта да – 18-октябрга чейин айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрүп жаткандыктан, жергиликтүү кеңештерге татыктуу жана билимдүү жарандарды активдүү көрсөтүүгө өбөлгө болууга чакырды.

Жолугушууда дагы бир милдет айтылды, бул – жаштардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышуусуна дем берүү. Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы бул иште да көрүнүктүү роль ойной алаары белгиленди.

КР БШК жана Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы шайлоо чөйрөсүн жакшыртууга жана ар түрдүү социалдык, анын ичинде этникалык топтордун бийликтин шайлоо органдарына өкүлчүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзүү менен, шайлоого катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоону биргелешип жүргүзүүгө макулдашышты. Шайлоочулар менен жолугушуулар өлкөнүн бардык региондорунда пландаштырылды. Шайлоо 264 жергиликтүү кеңеште, анын ичинен 33 шаардык кеңеште жана 231 айылдык кеңеште дайындалды.

Жолугушуунун катышуучулары алдыда болуучу шайлоонун алкагында биргелешип күч жумшоо Кыргызстандын элинин жарандык ынтымактуулугун жана биримдигин чыңдоого өбөлгө болот деп резюмелешти.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясындагы иш-чара «Өнүктүрүү саясаты иниституту» (ӨСИ) коомдук бирикмесинин колдоосунун алдында «Жарандык катышуу» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Бул кызматташуунун алкагында Кыргызстандын ар түрдүү улуттук диаспораларынын катышуусу менен, 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрүү боюнча региондордо бир катар жолугушуулар өтөт. Жолугушуулардын катышуучуларына КР БШК менен кызматташууда ӨСИ тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө маалыматтары менен талапкерлер жана шайлоочулар үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде иштелип чыккан брошюра түрүндөгү маалыматтык материалдар берилет.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>