Башкы Жаңылыктар Депутаттыкка талапкердин статусу жөнүндө маселеге карата: мыйзамдардагы жаңы …

Депутаттыкка талапкердин статусу жөнүндө маселеге карата: мыйзамдардагы жаңы нормалар

14-Окт, 2024

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө мыйзамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкердин статусу жөнүндө норманы так аныктаарын эскертет.

Депутаттарды шайлоо «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына ылайык өткөрүлөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ичинен жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин көрсөтүүдө «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын төмөнкү талаптарына өзгөчө көңүл бурууну өтүнөбүз.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:

Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер тең укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

-мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

-муниципалдык кызматчы;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери;

- мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.

(Эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси болуп саналса – бул тактоо, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу милдеттенмеси мамлекеттик же муниципалдык мекемелерде директор, башкы дарыгер, мектептин директору сыяктуу жана башка кызмат орундарын ээлеген талапкерлерге гана тиешелүү).

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

- мамлекеттик саясий кызматчы;

- жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

- 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.

Юридикалык жак болуп саналган, мамлекеттин же жергиликтүү бийликтердин үлүшү уставдык капиталда 30 пайыздан ашыкты түзгөн уюмду жетектеген, ошондой эле анын бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана д.у.с.) жетектөөнү кошуп алганда, жетекчинин кызмат орду.

Бул мисалы, мамлекет же муниципалитет акцияларынын 30% ашыгына ээ болгон мамлекеттик ишкананын директору же ушундай ишкананын филиалынын жетекчиси болушу мүмкүн.

  1. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотууга милдеттүү.
  2. Жогоруда аталган Мыйзамда каралган талапкердин ишинин кепилдиктери «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамында каралган тартипте аймактык шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
  3. Талапкердин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамында белгиленген укуктары жана кепилдиктери шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого даттанган учурунда соттун чечими күчүнө киргенге чейин жайылтылат.
  4. Катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялаган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоодон чыгып калганда - шайлоодон чыгып калган учурдан баштап талапкердин статусу менен байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаса, кайталап добуш берилбей турган, катталган талапкерлер шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаган күндөн тартып өздөрүнүн статусун жоготот.
  5. Шайлоону өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча ишинен (кызматынан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакырылбайт.
  6. Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жаппы эмгек стажына эсептелет.
  7. Катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялаган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 45-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан шайлоо жана шайлануу укугун эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык же болбосо башка жоопкерчилик тартаарын белгилөө керек.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекетик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын сактоону камсыз кылууну суранат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>