Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо учурунда үгүт иштерин жүргүзүү жана социалдык …

БШК шайлоо учурунда үгүт иштерин жүргүзүү жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү эрежелери боюнча семинар өткөрдү

14-Окт, 2024

Бүгүн, 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында “Кыргызстанда шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү” деген темада семинар болуп ѳттү. Бул иш-чара Гуманитардык диалог борбору (Швейцария) менен биргеликте уюштурулуп, шайлоо өнөктүгүндѳ глобалдык социалдык тармактардын глобалдык платформаларын колдонууну талкуулоого багытталган жолугушуулардын бир бөлүгү болду.

Семинарга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү, медиа-эксперттер, массалык маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жана процесси жаатындагы адистер катышты.

«Практика көрсөткөндөй, социалдык тармактар ​​бүгүнкү күндө коомчулукту маалымдоо үчүн негизги каналдардын бири болуп саналат жана көп учурда ар кандай топтордун позитивдүү сыяктуу эле, тилекке каршы, терс жагдайдагы максаттарына жетүү үчүн курал катары колдонулуп келет. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди, партияларды, блогерлерди социалдык тармактар аркылуу жарандарга шайлоону ѳткѳрүүнүн тартиби, талапкерлер, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу анык, ѳз учурунда жана толук маалымат берүүгѳ кѳмѳктѳшүү үчүн социалдык тармактарда жүрүм-турумдун негизги эрежелерин аныктоого жана аларды сактоо боюнча өз ара милдеттенмелерди алууга чакырат», - деп белгиледи Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова.

Семинардын жүрүшүндө Гуманитардык диалог борборунун эл аралык эксперттери социалдык тармактарда үгүт жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелдиктери тууралуу өз тажрыйбасы жана билгендери менен ой бөлүшүштү. Шайлоо программаларын илгерилетүү үчүн санариптик платформаларды колдонуунун негизги аспектилерине, ошондой эле интернет айдыңында дезинформациядан жана манипуляциядан коргонуу жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду.

Өзүнүн презентациясында Гуманитардык диалог борборунун социалдык тармактар ​​жана конфликтердин – санариптик конфликтердин ортомчулугу боюнча эксперти Сандра Петрович (Sandra Petrovic) шайлоо учурунда социалдык тармактарга байланыштуу мүмкүнчүлүктөр жана негизги тобокелдиктер тууралуу, ошондой эле диалог, маалыматты ѳз учурунда аныктоо жана башка ыкмалар бул коркунучтарды четтеттүүгѳ кантип жардам берери жѳнүндѳ бяндады.

БШКнын мүчөсү, БШКнын маалымат жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев Facebook платформасындагы (www.facebook.com/ads/library/report) саясий жарнак китепканасынын иши тууралуу маалымат берди. Бул саясий жарнаманын алкагында социалдык тармактардын кыргызстандык колдонуучулары тарабынан жарыяланган билдирүүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн жакшы негиз болуп саналат.

Семинардын маанилүү жыйынтыгы Бишкек шаары боюнча шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катталган жети саясий партиянын алтоосу тарабынан Меморандумга кол коюлушу болду. Меморандум партиялардын шайлоо өнөктүгүн ѳткѳрүү, анын ичинде социалдык тармактарда өткөрүү эрежелерин сактоо боюнча милдеттерин белгилейт.

Ошентип, социалдык тармактарда талапкерлер жана алардын тарапшатары Меморандумга ылайык тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттенет:

• социалдык түйүндөрдө чыныгы жана расмий аккаунттарды гана колдонууга, өз талапкерлерин жарнамалоо үчүн фейк аккаунттарды же жасалма тармактарды колдонуудан алыс болууга, ошондой эле шайлоо процессине ишенимди адаштырган же бүлүндүрүүгѳ алып келген аракеттерге жол бербѳѳгѳ;

• башка талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына, саясий партиялардын ишкердик беделине шек келтирүүчү, атайылап жалган маалыматтарга негизделген басылмаларды таркатпоого;

• социалдык тармактар ​​аркылуу зордук-зомбулукка чакырыктарды, социалдык араздашууну пайда кылуу коркунучун, ошондой эле коомдук тартипти дестабилдештирүүчү башка билдирүүлөрдү жана маалыматтарды камтыган үгүт материалдарын жана маалыматтык материалдарды, анын ичинде анонимдүү түрдө таратуудан алыс болууга;

• саясый оппоненттер жана шайлоо процесси тууралуу жалган маалыматтарды таркатпоого, ошондой эле интернетке жарыялоодон мурда бардык маалыматтардын тууралыгын кылдаттык менен текшерүүгѳ.

Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу үчүн шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча Кеңешти түзүү чечими кабыл алынды, анын курамына ЖМК өкүлдөрү, журналисттик бирикмелер, медиа уюмдар, блоггерлер жана эксперттер кирет.

Семинардын катышуучулары үчүн Гуманитардык диалог борборунун санариптик конфликтер ​​департаментинин директорунун орун басары Мод Моррисон (Maude Morrison) шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү усулдарынын эл аралык практикасына маалымдама берди.

Мониторинг боюнча кеңеш социалдык түйүндөрдө үгүт жүргүзүү боюнча меморандумдун жоболорун бузуу фактылары болгон учурда аларды карап чыгып, өз сунуштарын БШКнын маалымат жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобуна жөнөтөт.

      Гуманитардык диалог борбору (Швейцария) эл аралык профилдүү аянтчалардагы белгилүү уюм, ал тынчтык орнотуу чөйрөсүндө иш алып барган, коомдук эмес дипломатия, ортомчулук аркылуу чыр-чатакты жөнгө салууга көмөктөшүү жаатында иштеген, ошондой эле санариптик конфликтер деп аталган чөйрөдө чоң тажрыйбага ээ уюм болуп саналат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>