КР БШК 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
14 октября 2024
Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырды - https://tizme.gov.kg/.
Шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ менен (калкты катоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) КБМРиндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзөт.
Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 131 995, анын ичинен 1 999 155 эркектер жана 2 132 840 аялдар же 48,38% жана 51,62%.
Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2024-жылдын 18-октябрына чейин 2437 шайлоо участокторунда илинет.
Урматтуу шайлоочулар!
2024-жылдын 28-сентябрдан тартып 1-ноябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2024-жылдын 1-ноябрына чейин (кошуп алганда) Сиз тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз тапшырсаңыз болот.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.