Башкы Жаңылыктар Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотаны колдошууда. Бирок …

Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотаны колдошууда. Бирок райондордо жана жаш курагы боюнча топтордо колдоо деңгээлинде айырмачылыктар бар

11-Окт, 2024

2024-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоодо колдонулуучу милдеттүү 30% гендердик квотага карата калктын мамилесин баалаган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды. Сурамжылоону КР БШК Өнүктүрүү саясат институту, “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгү менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрдү.

«Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси - жөн гана теңчилик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Бул прогресстин, туруктуу өнүгүүнүн жана бардыгы үчүн жалпы жыргалчылыктын маселеси. Аялдар саясий турмушка эркектер менен бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон шартта, биз калктын бардык катмарынын кызыкчылыгы эске алынган кыйла комплекстүү жана кыйла акылман чечимдердин кабыл алынганын көрүп жатабыз. БШКнын жергиликтүү кеңештерге таза шайлоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, жергиликтүү кеңештердин жаңы курамында лидер аялдардын татыктуу ордун ээлөөсү үчүн шарт түзүү боюнча аялдардын лидерлигине көмөктөшүү жаатында өзгөчө ролу бар», - деди КР БШК тѳрагасы Н. ШАЙЛДАБЕКОВА.

Презентациянын жүрүшүндө КР БШК жана иликтѳѳчүлѳр коомчулукка Кыргызстандын жарандары жергиликтүү шайлоолорго катышуу аркылуу аялдардын укуктарын кеңейтүү кандай кабыл алынып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти, ошондой эле ушул процесс кошумча көңүл буруу жана колдоо талап кылынган аймактардагы аял талапкерлерди колдоонун мыкты ыкмаларын талкуулашты.

«Швейцария Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык деңгээлде аялдардын көбүрөөк өкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча практикалык кадамдарды жасоого умтулуусун жогору баалайт. Көйгөйлөр жок эмес, ошондуктан мен аларды жоюуга ИПР иликтѳѳсүнүн кошкон салымын сыймыктануу менен белгилейм”, - деп эсептейт Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье БАРГЕНТЕР.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, депутат айымдар, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

«Биз өлкөнүн тарыхында биринчи жолу салттарды жана менталитетти, үй-бүлөлүк мамилелердин үлгүлөрүн эске алуу менен жергиликтүү шайлоолордо гендердик квотага болгон мамилени райондор боюнча талдап жатабыз. Бул жагдайды эске албай туруп, өз коомун өнүктүрүүгө катышууга умтулган аялдарды натыйжалуу колдоо мүмкүн эмес. Аялдардын активдүү позициясы Кыргызстандын элинин рухуна жана үрп-адаттарына карама-каршы келбейт, бирок биз шайлоочулардын аялдар үчүн ѳз тандоосун аң-сезимдүү жасоосу боюнча туура сөздөрдү жана ынандыруу формаларын табышыбыз керек. Райондор боюнча квотага болгон мамилени талдоонун жыйынтыгы мамлекетке жана бардык кызыкдар тараптарга мындай колдоо өзгөчө маанилүү болгон аймактарда жана жаш курактагы топтор менен максаттуу иштерди уюштурууга жардам берет деп ишенебиз” - деп белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын төрагасы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>