Борбордук шайлоо комиссиясы - билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

05 октября 2024

 

Кымбаттуу  мугалимдер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамааты Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт.

Мугалимдик кесип дүйнөдөгү эң баалуу, сый-урматка татыктуу ардактуу кесип. Мекенибизде болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана ийгиликтердин болушу  адам баласынын ак эмгегинин аркасынан келип жатканын эске алсак, анда ошол бай казынанын пайдубалы Сиздердин берген билим, тарбияңыздардын аркасында болору талашсыз.

Адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, биз жашап жаткан коомду жакшы жагына багыттоочулары, агартуучулары катары кандай алкыш айтсак да жарашат.

Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздердин келечек муундарыбызга сапаттуу билим, жакшы таалим - тарбия берүү ишиңиздер менен бирге, мамлекетибиздин келечеги  үчүн маанилүү болгон шайлоолорду уюштурууда жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоодо – мекенчилдик  сезим менен аткарып жаткан жоопкерчиликтүү мамилеңиздер  жана  ак кызматыңыздар мыйзамдуу,  ачык-айкын шайлоолорду камсыздап, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө карай кадамдарыбызга  себепкер болууда. Ал эмгегиңиздер үчүн баарыңыздарга чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге бекем ден соолук,  үй-бүлөңүздөргө бакубатчылыкты жана жакшылыктарды, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

БШКнын жалпы жамааты