КР БШКнын 2024-жылы 1 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
01 октября 2024
Өткөрүү датасы: 1-октябры 2024-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитүү тууралуу” №219-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
4. Араван, Ноокат, Жети-Өгүз, Балыкчы жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
5. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер