Башкы Жаңылыктар БШКда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышууга …

БШКда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар үчүн брифинг болуп ѳттү

30-Сен, 2024

2024-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча саясий партиялар менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда партияларга талапкерлерди көрсөтүү процессине жана шайлоону өткөрүүнүн тартибине байланыштуу мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди.

Алсак, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ѳзгѳртүүдѳ саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү, жергиликтүү кеңешке мандаттардын санына барабар санда талапкерлерди көрсөтүү (мурда бир жарым эсе көп) боюнча нормалар бар. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жоюлду, бул жарандардын кеңири катмарынын катышуусун жеңилдетет. Фонддор үчүн финансылык ачык-айкындуулуктун бардык эрежелери ошол эле бойдон калууда. Башка айтканда шайлоо фонддорунун бардык чыгашалары менен кирешелери ачык кѳрсѳтүлѳт.

Талапкерлердин тизмелерин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөр 70%дан ашпоосу керек, ал эми тизмеде аялдар менен эркектердин ортосундагы кезектүүлүңктүн айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш, кеминде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир талапкер киргизилиши керек.

Шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга, айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Талапкерлерди көрсөтүү аймактык шайлоо комиссиясына милдеттүү түрдө алдын ала кабарлоо менен партиянын съезддеринде же конференцияларында жүргүзүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорционалдык система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо мажоритардык система боюнча өткөрүлөт.

Саясий партиянын бирдиктүү шайлоо округуна же көп мандаттуу шайлоо округуна талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, 2024-жылдын 7-октябрында саат 18:00гө чейин аяктайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, башкача айтканда 2024-жылдын 18-октябрына чейин аяктайт.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00гө чейин, талапкерлерди каттоо 2024-жылдын 28-октябрына чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоо ѳнѳктүгүнѳ катышуу маселелери боюнча шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн методикалык материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалган.

Толук маалыматты БШКнын сайтынан төмөнкү шилтемеден таанышса болот: https://www.shailoo.gov.kg/ru/17-noy-2024-g-vyb-dep-mestnyh-keneshej/

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санариптештирүү саясатынын алкагында талапкерлерди каттоонун бейтараптыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында талапкерге документтерин электрондук түрдө тапшырууга мүмкүндүк берген «Электрондук талапкер» программасы ийгиликтүү ишке киргизилген.Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү ведомстволор аралык «Тундук» электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (паспорттук маалыматтар, Кыргыз Республикасынын жарандыгы (СѲМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), билиминин орто жалпы билимден тѳмѳн эместиги (ББИМ) ж.б) аркылуу жүргүзүлѳт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына басма түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүдѳ берилет.Талапкерлер жөнүндө маалыматтар талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына электрондук машина окуй турган түрүндө киргизилиши керек.

Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө жана мыйзам бузуулар үчүн тараптардын жоопкерчилиги тууралуу жаңы эрежелердин бар экенинин айтуунун зарылдыгы бар. Ошентип, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашырууга катышууга жол берилбей турган адамдардын тизмесине кошулду.

Ошондой эле депутаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, 30 проценттен ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар юридикалык жактарды жана алардын бѳлүмдѳрүн кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер шайлоого катышкан учурда ыйгарым укуктарын толук токтотуу боюнча жаңы талаптар киргизилген.

Мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, аралыктан добуш берүүнү уюштуруу Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн.

Шайлоочулар өздөрүнүн маалыматтарын шайлоо тизмесинен текшерип, 2024-жылдын 1-ноябрына чейин кайсы участкада добуш бере тургандыктарын билдириши керек. Аталган күндөн кийин өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн болбой калат.

Шайлоо 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинен 33 шаардык кеңешке жана 231 айылдык кеңешке дайындалган.

Республика боюнча мандаттардын саны 6384 түзѳт, анын ичинен шаардык кеңештерде – 993, айылдык кеңештерде – 5391.


Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 56 аймактык шайлоо комиссиясы жана 2438 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>