КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

26 сентября 2024

2024-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары (шайлоо округдарынын тизмесин ушул жерден көрүүгө болот), кийин бекитиле турган Бишкек, Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаарларынкошпогондо, бекитилди.

Округдарды, участкаларды ж.б. ѳзгѳртүүгѳ алып келген административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүүгө байланышкан биринчи кезектеги даярдоо иш-чараларынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялаган мамлекеттик орган – КР БШК тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлүүдѳ.

Бекитилген календардык планга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынсунуштарынын негизинде, аймактык шайлоо комиссиялары аялдар үчүн айылдык кеңештердин депутаттарынын мандаттарынын кеминде 30% сакталышын эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын иштеп чыгышты. алар Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жиберилди. Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 28-сентябрына карата (добуш берүү күнүнө 50 календардык күндөн кечиктирбестен) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн жогоруда аталган шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.