КР БШКда ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү
26 сентября 2024
2024-жылдын 26-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиери, калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу, статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорлорун айылдык кеңештердин депутаттарынын мандатынын 30% кем эмесинаялдар үчүн калтырууну эске алуу менен иштеп чыгышты. .
Шайлоо округдарынын жаңы схемаларын жана чек араларын түзүүнүн зарылчылыгы ААРга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын оптималдаштырууга байланыштуу келип чыгууда.
ААРнын алкагында 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинен 33 шаардык кеңешке жана 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган (ААРга чейин бардыгы болуп 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинен 32 шаардык кеңеш жана 452 а/к болгон).
Жалпысынан республика боюнча мандаттардын саны - 6374, анын ичинен шаардык кеңештерде – 983, айылдык кеңештерде – 5391 (ААРге чейин – 9062 мандат).
Жыйында ЖѲБОнун сунушталган схемалары жана шайлоо округдарынын чек аралары ар бир облус боюнча өзүнчө каралды. Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери округдардын схемаларынын долбоорун талкуулап, сунушталган схемаларга жана чек араларга макул экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү ЖѲБОнун сунушталган схемаларын жана шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо нормаларынан четтөө менен бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын аймактарда жайгашкан айрым шайлоо участкаларынын чек араларын карап чыгып макулдашты. Сѳз төмөнкү шайлоо округдары жөнүндө болуп жатат:
Ысык-Көл облусу:
- Ак-Суу району боюнча - №4 «Жыргалаң» шайлоо округу,
Хан-Теңир айылдык кеңеши, Жыргалаң айылындажайгашкан;
- Ак-Суу району боюнча - № 8 «Эңилчек» шайлоо округу,
Кыдыр-Акен айылдык кеңеши, Эңилчек айылында жайгашкан;
- Түп району боюнча - № 9 «Каркыра - Сан-Таш-Сары-Сары-Тологой» шайлоо округу, Каркыра айылдык кеңешинин Каркыра айылдык кеңеши, Каркыра айылында жайгашкан Сан-Таш айылы, Сары-Тологой айылы;
Ош облусу:
- Өзгөн району боюнча - № 2 “Корс-Этти” шайлоо округу, Ийри-Сүй айылдык кеңеши, Корс-Этти айылында жайгашкан.
Жалал-Абад облусу:
- Токтогул району боюнча - №3 «Мазар-Суу» шайлоо округу, Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши, Мазар-Суу айылында жайгашкан.
Чүй облусу:
- Кемин району боюнча - Кичи-Кемин айылдык кеңешинин № 8 шайлоо округу, Ак-Түз айылында жайгашкан;
- Москва району боюнча - №5 Миң-Була айылдык кеңешинин Беш-Корук айылында жайгашкан шайлоо округу.
- Панфилов району боюнча - № 6 шайлоо округу, Курманин айыл аймагы, Жайылма айылында жайгашкан.
Жыйындын жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топ жергиликтүү кеңештерди шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитип, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөттү.
БШК Ведомстволор аралык жумушчу топтун жер-жерлердеги мүчөлөрүнө – КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө иштелип чыккан схемаларды эске алуу менен жергиликтүү калктын арасында ушул шайлоолор үчүн түзүлө турган округдардын схемалары жана чек аралары жөнүндөмаалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.