Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын …

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларды аккредитациялоо башталды

18-Сен, 2024

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алууну баштады.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоону өткөрүүдө эфир убактысына жана басма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат тиешелүү телерадиоберүү уюму, редакция тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгѳ тийиш.

БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы 2024-жылдын 6-сентябрында жарыяланганын эскертет. Ушул жарлыкта ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы белгиленген. Ошол эле учурда шайлоо аракеттеринин башталышы 2024-жылдын 17-сентябры болуп саналат. Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларды аккредитациялоо 17-сентябрдан башталат, документтерди берүүнүн акыркы күнү – 2024-жылдын 27-сентябры.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышуу каалоосун билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 27-сентябрын кошуп алганга чейин белгиленген мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда лидердин аты-жөнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкердин салык органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсү (интернет басылмалары үчүн);

- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;

- уставдын көчүрмөсүн (бар болсо);

- эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмага жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана тѳлѳмдүн башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалымат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма ошондой эле арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалыматтык камсыздоо секторуна pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасына жөнөтөт.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт иштерин жүргүзүүдө аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу ѳтѳ маанилүү.

КР БШК аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык ѳнѳктүккѳ жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлер катталгандан кийин, б.а. 2024-жылдын 18-октябрынан тартып башталат.

Айылдык кеңештерди шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлер катталгандан кийин 2024-жылдын 28-октябрында башталат.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>