Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын …

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитти

18-Сен, 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-сентябрындагы жыйынында 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календарлык планын бекитти..

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилиндеги уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди чечүүдө Министрлер Кабинети көмөк көрсөтѳрүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашырууда жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралардын календарлык планын кабыл алды.

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун кыскача календардык планы

Шайлоо күнү – жекшемби, 2024-жылдын 17-ноябры

 

№

Аткаруу мѳѳнѳтү

Иш-чаранын мазмуну

эскертүү

Шайлоочулдардын тизмеси

  1.  

2024-жылдын 23-сентябрына чейин.

Тизme.gov.kg мамлекеттик порталында округдар жана участкалар боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмелерин жайгаштыруу

 

12-бер. 2-бѳлүгү

  1.  

2024-жылдын 28-сентябрына чейин

Шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмелерин УШКларга илип коюу

 

12-бер. 4-бѳлүгү

  1.  

2024-жылдын 18-октябрына чейин

Шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмелерин УШКларга илип коюу

 

13-бер. 3-бѳлүгү

  1.  

2024-жылдын 28-сентябрынан 1-ноябрын кошуп алганга чейин.

Шайлоочулардын тизмелериндеги маалыматтарды тактоо үчүн арыздарды кабыл алуу (андагы ката же так эместик аныкталган учурда)

 

13-бер. 4-бѳлүгү

  1.  

2024-жылдын 14-ноябрына чейин

Шайлоочулардын биротоло тизмелерин УШКларга илип коюу

 

13-бер. 4-бѳлүгү

Шайлоо округдарын түзүү

  1.  

до 20 сентября 2024-жылдын 20-сентябрын кошуп алганга чейин

Калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан маалыматтарды берүү

 

10-бер. 1-1-бѳлүгү

  1.  

2024-жылдын 28-сентябрына чейин

БШК шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

 

10-бер. 4-бѳлүгү

Талапкерлерди кѳрсѳтүү жана каттоо

Шаардык кеңештер үчүн :

  1.  

2024-жылдын 7-октябрында 18:00 саатка чейин

Шаардык кеңештерге кѳрсѳтүү

49-бер. 1-бѳл.

  1.  

2024-жылдын 18-октябрына чейин

Талапкерлердин тизмесин каттоо

53-бер. 6-бѳл.

Айылдык кеңештер үчүн:

  1.  

2024-жылдын 17-октябрында 18:00 саатка чейин

Айылдык кеңештерге талапкерлерди кѳрсѳтүү

49-бер. 1-бѳл.

  1.  

2024-жылдын 28-октябрына чейин

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо

60-бер. 7-бѳл.)

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү

  1.  

18-октябрдан тартып 8:00 саатка чейин

2024-жылдын 16-ноябры.

Шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү

 

23-бер. 1-бѳл.)

  1.  

28-октябрдан тартып 8:00 саатка чейин

2024-жылдын 16-ноябры.

 

Айылдык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү

 

23-бер. 1-бѳл.)

Шайлоо бюллетендери

  1.  

2024-жылдын 28- октябрына чейин

Шпйлоо бюллетенинин текстин бекитүү

30-бер. 3-бѳл

Добуш берүүнүн тиртиби ч.5,6,7,8,9

  1.  

2024-жылдын 16-ноябрында 8:00дѳн 20:00 саатка чейин

Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш добуш берүүнү уюштуруу жана ѳткѳрүү

33-бер.

5,6,7,8,9-бѳл.

  1.  

2024-жылдын 17-ноябры

( 08:00дѳн 20:00 саатка чейин)

Добуш берүүнү ѳткѳрүү

Мыйзамдын

31-бер.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун нгатыйжаларын белгилѳѳ

  1.  

2024-жылдын 8-декабрына чейин

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ

38-бер. 1-бѳл.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>