Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүнүн тартиби …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүнүн тартиби боюнча ченемдик-укуктук актыларды “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргѳ ылайык келтирди

17-Сен, 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар чечимдерди кабыл алды жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүнүн тартиби боюнча ченемдик укуктук актыларды шайлоо мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн түзѳтүүлѳрдү киргизди.

Шайлоо мыйзамдарына кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө», “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” жоболорго жана “Шайлоочуларды идентификациялоонун тартиби жөнүндө” нускамага колдонмого жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо тѳмѳндѳгүдѳй айрым нормалар киргизилди:

- санариптештирүүгө байланыштуу жарандардын-шайлоочулардын катышуусунун айрым жол-жоболору такталды, тактап айтканда, шайлоочуларды идентификациялоо электрондук документтерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн;

- ар бир шайлоо участогунда шайлоочулардын максималдуу санына карата өзгөртүү киргизилди (мурда 2500 шайлоочу болсо, учурда 3000 шайлоочу болот);

- аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча (мурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен) шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыга тургандыгы белгиленген. Мындан тышкары, округдарды аныктоо шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөрү такталган;

- аралыктан же электрондук добуш берүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган шайлоолорду өткөрүүнүн нормасы киргизилди. Бирок ошол эле учурда аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү чечими шайлоо дайындалганда кабыл алынат.

Киргизилгоен түзөтүүлөр шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өлкөдөгү демократияны жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн бардык жарандарды шайлоого активдүү катышууга жана мыйзамды сактоого чакырат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына жаңы редакцияда киргизилген өзгөртүүлөр жана ички жоболор жөнүндө толук маалыматты КР БШКнын расмий сайтынан алса болот.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>