2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлдү
16 сентября 2024
Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырды - https://tizme.gov.kg/.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 124 429, анын ичинен 62 373 эркектер жана 62 056 аялдар же 50,13% жана 49,87%.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 17-сентябрына чейин 81 шайлоо участокторунда илинет.
Урматтуу шайлоочулар!
Шайлоо участогуңузду тактап алсаңыз болот:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Шайлоого катышып, татыктууну шайлаңыз!