Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Мейкинбек Абдалиевди шайлады

09 сентября 2024

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы мүчѳсү болуп шайланды. Мындай чечим парламенттин 5-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Мейкинбек Абдалиевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкер М.Абдалиев Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсүнүн кызмат ордуна шайланды.
Буга чейин Марс Наспеков Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен.

Өмүр баяны:

1976-жылы 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында туулган.

2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун уюштуруу менеджери адистиги боюнча аяктаган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Эмгек жолу:

Эмгек жолун 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук салык инспекциясынын тышкы көзөмөл бөлүмүнүн инспектору болуп иштөө менен баштаган.

2000-2005-жылдары Ноокен районундагы «Айкыз» кредиттик союзунун башкы бухгалтери,;

2005-2006 - Ноокен районундагы Токтомураддыйкан чарбасынын төрагасы;

2006-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын коомдоштукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Ноокен районунун жана Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларынын коомдоштукту колдоо жана өнүктүрүү боюнча эксперти;

2013-2015-жылдары - Кыргыз Республикасынын коомдоштукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн координатору.

Коомдук ишмердиги:

2004-жылдан 2005-жылга чейин - Ноокен райондук кеңешинин жана Масы жергиликтүү кеңешинин депутаты, «Айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана телекоммуникациялар» боюнча комиссиянын туруктуу мүчөсү;

2008-2012-жылдары – Масы жергиликтүү кеңешинин депутаты, Бюджет жана экономикакомиссиясынын төрагасы болгон;

2012-2016-жылдары - Масы жергиликтүү кеңешинин депутаты. Масы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты.