Башкы Жаңылыктар №13 Сузак округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоого …

№13 Сузак округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

31-Авг, 2024

2024-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясы 22-сентябрга дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйынга КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова, БШК мүчѳсү К.Маматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков, Сузак районунун акими Б.Сыдыкназаров, Сузак округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Г.Сапарова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы Жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган.

КР БШКнын төрагасы мыйзамдарга ылайык, кайра шайлоонун мөөнөтү үчтөн бирге кыскарганын, башкача айтканда, шайлоо эки айдын ичинде өткөрүлөрүн билдирди. 7-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө байланыштуу 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бекитилген шайлоо округунун схемасында жана чек арасында өткөрүлөт.

Талапкерлерди каттоо 2024-жылдын 25-августунда аяктаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип бардыгы болуп 15 талапкер арыз берген. алардын ичинен 9 талапкер катталган. Талапкерлер жана шайлоо программасы тууралуу маалыматтар шайлоо участкаларында илинет, ошондой эле «Талапкер» маалымат ресурсуна да жайгаштырылат.

2-сентябрда эң активдүү фаза – 2024-жылдын 21-сентябрында саат 8:00дө аяктай турган үгүт кампаниясы башталат. Талапкерлердин теледебаттары жана жекече чыгып сүйлөѳлѳрү Жалал-Абад УТРКдан көрсөтүлөт.

Н.Шайлдабекова баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт. Буга байланыштуу шайлоого даярдыктын ар бир этабында тиешелүү органдардын милдеттери айтылды.

Шайлоону уюштурууга Сузак округдук комиссиянын 12 мүчөсү жана 81 участкалык комиссиянын 1004 мүчөсү катышууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлердин үгүт материалдарын стенддерге көрсөтүү үчүн ар бир шайлоо участогунда атайын орундарды бөлүп, жабдуу тапшырылды.

Ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан жана Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайларында турган жарандарга тандоо шарттарын камсыз кылууга өзүнчө көңүл буруу сунушталды.

Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жолугушуулар үчүн жайларды берүүгө жана талапкерлерге шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

БШКнын төрагасы шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан шайлоо мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин бар экендиги тууралуу белгиледи, ошондой эле мамлекеттик органдарды талапкерлердин бирдей укуктарын камсыз кылуу менен, Сузак районунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине татыктуу өкүлдү шайлоодо бейтарап, адилет позицияны карманууга чакырды.

Сузак районунун акими шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз салымдарын кошоорун билдирди.

Кеңири маалымат ѳнѳктүгүн жүргүзүү аркылуу шайлоочулардын катышуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Төрага белгилегендей, бардык талапкерлерге карата мыйзамдарды бир түрдүү колдонуу, кандайдыр бир тандоочулукту алып салуу боюнча чараларды көрүү зарыл.

Өз кезегинде Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иши белгиленди, ал даттануулар келип түшкөндө аларды укук коргоо органдарына же шайлоо комиссияларына жөнөтүп, алар болсо ѳз компетенциясынын чектеринде келип түшкөн даттанууларды карайт, бул кайталоону кыскартуугѳ кѳмѳктѳшүп, ошондой эле комиссия ѳз компетенциясынын чектеринде даттанууларды карап, чечим кабыл алуусуна жардам берет.

Жыйындын катышуучулары Сузак аймактык округунда алдыдагы шайлоо жакшы өтөөрүнө жана шайлоо мезгилиндеги мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү жана жарандарды маалымдоо укук коргоо органдарынын ѳз ара аракеттенүүсүнүн жоболоруна жана белгиленген алгоритмине ылайык ишке ашарына ишеним билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо маселеси менен бирге, Борбордук шайлоо комиссиясы административдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районундагы административдик-аймактык бирдиктердин чек аралары өзгөртүлүп, жаңы кеңештерди шайлоолор 2024-жылдын ноябрь айына пландаштырылган белгиледи.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу (кадастр) жана статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга калкты каттоо тутумдарына, административдик-аймактык чек араларга, даректик реестрге ж.б.бардык зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү, ААРга байланыштуу мүмкүн болушунча тезирээк бардык маалыматтарды тактоону аяктоо зарылдыгы боюнча тапшырмаларды берди.

Жаңы шайлоо округдарын түзүүдө бирдей шайлоо укуктарынын принцибине, тактап айтканда, депутаттар шайлоочулардын болжол менен бирдей санынан (15% дан ашык эмес четтөө менен, ал эми алыскы жана жетүүгѳ оор болгон аймактарда 20%дан ашпаган) шайланууга тийиш деген принципти сактоо зарыл – округдар бирдиктүү аймакты түзүшү керек.

БШК мурда маалымдагандай, сентябрь айында кеңештердин таркатылышы күтүлүүдө, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалышы мүмкүн.

Шайлоо округдары калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.

Буга байланыштуу Сузак районунда ААРге чейин 11 айыл аймагы жана 1 шаар болсо, ААРдын натыйжасында 8 айыл аймагына жана 1 шаарга бириктирилген.

Учурда Сузак районунда калктын саны 275 582 адам, шайлоочулардын саны (18 жаштан жогоркулар) 149 553 жаранды түзөт.

Ошого жараша райондо реформага чейинки 354 мандаттын ордуна жалпысынан 249 депутат болот. Ошол эле учурда мандаттын 30% кем эмеси аял депутаттар үчүн резервге алынат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>