КР Борбордук шайлоо комиссиясы Э.Ш.Айдаралиевге Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды

30 августа 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-августундагы жыйынында «Ыйман-Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Айдаралиев Эрнис Шарабидинович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.