Башкы Жаңылыктар Борбор калаанын мэриясында административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган …

Борбор калаанын мэриясында административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын өттү

20-Авг, 2024

Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабекованын, Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. Конгантиевдин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйынга Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, административдик округдардын башчылары, «Бишкекбашкыархитектура» МИсинин башчысы, калкты каттоо департаментинин директору, «Кадастр» жерге жайгаштыруу башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы, шаардык статистика башкармалыгынын начальниги, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө алдыдагы шаардык кеңешке шайлоону эске алуу менен административдик-аймактык реформанын (мындан ары - ААР) алкагында мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча милдеттер талкууланды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-августта 2024-жылдын 29-июлунда кол коюлган “Кыргыз Республикасынын ААР алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарыяланды.

Бул мыйзамга ылайык ал күчүнө киргенден кийин (расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин) административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер жоюуга дуушар болушат.

Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон жана 2024-жылдын 2-августунан тартып күчүнө кирген мыйзамда бекемделген.

БШК мурда маалымдагандай, сентябрь айында кеңештердин тарашы күтүлүүдө, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалышы мүмкүн.

Республика боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Каралып жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү.

33 шаардын ичинен 14 шаарда мыйзамга ылайык ирилештирүү жүргүзүлдү. Алардын ичинен:
2 республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында, 7 областтык маанидеги шаарларда, 5 райондук маанидеги шаарларда.

Буга чейин, 2024-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына кол койгон, ал расмий жарыяланган жана 2024-жылдын 6-августунда күчүнө кирген.

Кабыл алынган Мыйзам шайлоолорду өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүүнү караштырбайт: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорционалдык система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жолу менен шайланат.

Ошону менен бирге мыйзам менен шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 7% дан 5% га чейин төмөндөтүү киргизилген, талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө партиялар аларды Кеңештеги мандаттардын санына барабар санда (мурда бир жарым эсе көп) көрсөтүшөт.

Майыптардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу механизмдерин кеңейтүү маанилүү жаңылык болгонун белгилей кетүү керек.

Бишкек шаары боюнча ААРге чейинки калктын саны 1 074 075, шайлоочулардын саны (18 жаштан жогоркулар) 419 901 жаранды түзөт.
Учурда Бишкек шаарында калктын саны 1 294 785, шайлоочулардын саны 622 749 жаран, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 45 депутат.

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын курамына 8 айыл аймагы, 1 айыл жана конуштар киргизилип, шайлоо участкаларынын саны 228ден 267ге көбөйтүлдү.

Бишкек шаары төмөнкүлөрдү камтыйт:
Октябрь районуна:
- 9650 калкы бар Көк-Жар айыл аймагы, 6516 шайлоочу.
Свердлов районуна:
- Лебединовка айыл аймагы, калкынын саны – 26670, шайлоочу – 20194;
- Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы, калкы – 10870, шайлоочулары – 8378;
- Аламүдүн айыл аймагы калкынын саны – 13868, шайлоочу – 11385;
Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, калкынын саны - 1578 калк, 1130 шайлоочу бар.
Биринчи май районуна:
- Маевка айыл аймагы, калкынын саны – 10900, шайлоочу – 8703;
- Пригородный айыл аймагы, калкынын саны - 13182, шайлоочулары -11795, ошондой эле Ак-Дөбөн айыл аймагынын Алтын Казык конушу.
Ленин районуна:
- Новопавловка айыл аймагы, калкынын саны – 24541, шайлоочу – 24348;
- Орок айыл аймагы - 18029 киши, шайлоочу - 9988.

БШК жана АШК өз кезегинде жергиликтүү мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдыдагы айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн айылдык аймактарды бириктирүүнү жана шаарларды бириктирүүнү эске алуу менен шайлоо округдарын түзүү маселелерин координациялайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети калкты каттоо, жерге жайгаштыруу (кадастр) жана статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде ААР байланыштуу калкты каттоо тутумдарына, административдик-аймактык чек араларга, даректик реестрге бардык зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырган.

ААР алкагында чек аралар өзгөргөндөн кийин шайлоону даярдоого байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешмелер республиканын бардык райондорунда 3 күндүк мөөнөттө өткөрүлдү.

Мэр Айбек Джунушалиев КР Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Бишкек АШКсынын өкүлдөрү менен биргеликте келерки шайлоого мыйзамдардагы өзгөртүүлөр боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жолугушуулардын графигин түзүүнү тапшырды, ошондой эле көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Төрага ААР жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар келечекте шаарды өнүктүрүүдө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууда натыйжалуу жыйынтыктарды берет деген ишенимин билдирди.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>